Аралаш темада

Адашкан коңгуроо

Бир күнү кокустан телефонума башка мага бейтааныш
болгон номер чалып калды. Алсам бир кичинекей кыз:
-Ата ата сенсинби?! сени сагындым, келбейсинби – деген
ыйламсыраган үнү угулду. “тааныштар тараптан мени
тамашалап жатышса керек” деген ойдо – Ээ кызым, азыр мен бош эмес элем, ананыраак чалайын” дедим да
телефонду өчүрүп койдум. Өз алдымча көз алдыма 4-5
жаштагы кызды Элестеттим да жылмайып койуп жолума түштүм.
Кечке маал эсимен чыгып кеткен экен, кайра ошол
номер чалып калды. Алсам дагы эле ошол кыз:
-Ата атаке сенден суранам, билемин бизди багамын деп
алыс жакка иштегени кетиптирсин. Кел десем келе
албасыңды да билем апам айтты…. жок дегенде
телефондон болсо да эркелетип койчу… атаке сени
эркелеткениңди сагындым – деп ыйлагысы келип сүйлөп жатканда телефонумдун батарейкасы өчүп калды…
ʺжүрөктөн чыккан сөз, жүрөкө жететʺ дегендей, айткан
сөздөрү мага катуу тийди окшойт, мындай сөздөрүн
укканымда жан’дүйнөмдөгү Аталык сезими ойгонду
окшойт. Өзүмчө ойлонуп:
-мейли кайра чалса эркелетип койом да – деген ойдо
калдым. Эртеси кайрадан чалды. Алдын ала даярданып
алдым эле:
-Ээ кызым мен да сени сагындым ананайыным, менин
кичинекейим – деп оозума кирген сөздөрдү, жылуу жана
назик кылып, ал кичинекей кызды эркелете бердим.
Анын кубанычына чек жок экенин, сүюнгөндөн
ыйламсырап жатканын да байкап турдум.
– Макул атаке эртең чалам – деп дагы бирдемкелерди
айтып жатканда байланыш үзүлүп калды. Кайра чалайын деп чалууга көңүлүм барбады.
Эртеси күттүм: – чалып
калса кичинекей кыздын көңүлү сынбасын, эркелетсем
эмне болуптур, үйлөнсөм өзүмдүнда ушундай Атакелеп
мени ээрчиген кыздарым болот, инша’а Аллах, деп
сүйүнүп койдум. Ошентип бир убакытка чейин сүйлөшүп
жүрдүк, бир күнү мага ал номер чалбай калды, 3-4 кун
өтүп калганда гана баягы номер кайра чалды…
Чалганына абдан сүйүнүп, шашып калганымдан ʺаллоʺ
деп айткандын ордуна: – кандайсын? кызым, жакшыбы?
эмне чалбай калдың? – деп сүйлөп жатсам телефондон
чоң эле аялдын үнү:
-Кечиресиз мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле – деп
калды.
Жүрөгүм зырт дей түштү, өзүмдү жаман сезип:
-Айта бериңиз – дегиче болбой өзү сөз баштап калды:
-Кызым оорукчан болгондуктан атасы авариядан каза
болгонун айта албай, алыска иштегени кеткен десем –
телефон чалып бер дегенинен оюмдан чыгарып эле ушул атандын жаңы номери деп терип колуна карматып
койгом. Ошол күндөн тартып ал сиз менен ата деп
сүйлөшүп жүргөн…. ʺСүйлөшүп жүргөнʺ деген сөзү мени
кыжаалат кылып, койду
-Азыр кана жакшыбы? Өзү каякта?- деп суроо артынан
суроолорду берип жатып ал аялдын ыйлаган үнүнөн
токтоп калдым…
-3-4 күн мурда талмасы кармап катуу ооруп жатып
жылмайып: ʺатам мени эркелетти, атам жакшы адам аʺ
деп жатып аманатын тапшырды, атасынын артынан
кетти, мени жалгыз таштап кетти – деп ыйлап жатып
телефонду койоордо дагы: – бир жолу бизди кечирип
коюнуз -деп өчүрүп койду. Кайра чалып кантип кайрат
айтаарымды билбей башым чыңарып калды…
Ошол бойдон байланышпады, а мен кичинекей кызга
көнүп калдым эле. Телефон чынгырап калса, ошол
кызбы деген үмүттө карайм: – кандайсын, кызым?! Мен
атаңмын – деп, эркелетким келет, бирок, ал кыз чалган
номер азыркы күнгө чейин өчүк…((((

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!