Жомок

Абышка менен Дөө

Илгери кедей абышка ар кимдин ишин иштеп, эптеп оокат өткөрчү экөн. Бир күнү жолдон жумуртка таап алды. Андан ары барса дөө жолукту. Абышка деөдөн аябай коркуп, бирок ошол замат амал ойлоп:

— Эң сонун болду, сени таап кел деп, кудай мага тапшырды эле, издеп жүрүп чарчадым, — деди.

— Кудай мени эмне кылат экен, биле алдыңбы? — деп сурады дөе, шаштысы кетип.

Абышка дөөнүн коркконун сезип:

— Кудай өзүнө алтын сарай салдырат экен. Ошонун ылайыктуу устуну жок болуп жатат. Ага сен ылайыктуу экенсиң, ылдам жүр, кечигип калдык, — деди.

Абышканын айтканына анчалык ишенбей, дөө муну менен сынашып көрмөк болду. Куу тобулгунун сары суусун чыгара кармаш үчүн убада кылышты. Дөө куураган тобулгуну бычырата кармады эле, суу чыккан жок. Кезек абышкага келип, колундагы жумуртканы тобулгу менен кошо кармаганда жумуртка жарылып, сары суу агып кетти.

Муну көргөн дөө абышкадан чындап эле коркуп:

— Айланайын абышка, ырайым кылып мени бошот, азырынча муну ала тур, — деп ат башындай алтын берди.

Абышка алтынды алып:

— Мейли эми, дөөнү издеп таппадым деп, кудайга айтып коёюн, — деди да, өз жолуна түштү.

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!