Анекдот2

Сага тоок беле

Кыргыз менен өзбек дос болушат. Бир күнү базар аралап келатып эки дос кезигип калышат. Кыргыздын оюна койбой өзбек конокко чакырат. Үйүнө кирээри менен өзбек уулуна:
– Э уулум, бир корозду сой.
Арадан бир аз убакыт өтүп тигинин баласы:
– Союп, даярдап койдум, кандай кылып салайын.
– Э, эки кишиге жарым тоок жетет. Жарымын сал.
Ошентип кыргызды узатат.
Арадан бир ай өтпөй кыргыз менен өзбек кайра кездешет. Өзбекти эми кыргыз конокко чакырат.
Үйүнө келишип кыргыз уулуна:
– Ээ балам, кочкордун семизинен бирди сой, конок келди-дейт.
Арадан көп өтпөй уулу кирип:
– Ата, союп, жиликтеп койдум. Кандай кылып салайын. Кыргыз:
– Эй атаңы десе, бул эмне сага тоок беле жарымын салгыдай. Бүтүн сал – деген экен.

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!