Анекдот - кыргызча

Кызыктуу анекдоттор

Кара-Суулук эки дос машинасында баратып зээриккенден адырда оттоп жүргөн эшекти көрө калып

– Досум аяш бул жакта жүрөт го, – десе. Досу айтып коёт:

– Аяшыңдын куйругу узунураак болчуу.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Таштанбек үйүнө келе жатса, кошунасынын аялы отун жарып жатат, күйөөсү жанында аккордеон ойноп отурат.
Анда Таштанбек:
– Ай, кошуна, сага эмне болгон? Аялың отун жарып жатса сен аккордеон ойноп отурасың да?
– Аялым аккордеон ойной албайт да…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Жаңы турмушка чыккан кыз апасына чалат.
-Апа күйөө балаңыз гречка жебейм деп жатат.
-А сен ага канчалаган кыйынчылык менен бышырганыңды айттыңбы?
-Апеей аны бышырыш керек беле?

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

2009-жылы студент болуучубуз. Куу агайыбыз бар эле. Ал бир күнү ноутбугун көтөрүп келип:
– Өз айылыңарды көргүңөр келеби интернеттен? – деп сурап калды. Биз жабыла макул болдук. Анан ал ар бирибизден 50 сомдон алып гууглдан көрсөтүп берди. Анан бир Алайкуулук кызыбызга кезек жетип калганда:
– “Алайкуу тоолуу район, аны көруүү кыйын, ага көп акча кетет” деп 150 сом алып көрсөтүп берген. Көрсө, агайбыз бизнес жасаган экен.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Алдагы галстук 80 сом дейсиңби? Ага андан көрө эки туфли алган жакшы эмеспи.

-Аның туура дечи, бирок галстуктун ордуна эки жуп туфлини мойнуңа салпактатып асып алсаң эл эмне дейт?!

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Кечирим сурайм, айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум.

– Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган.

– Анда эң эле сонун болуптур, айым, сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды!…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Автобуста уктап бара жаткан кыз, капысынан осуруп кетип ойгонуп кетет экен. Кайра уктап кетип эле осуруп коёт экен, анан жанындагы киши айтат экен:
– эээ кызым сенин тээриң жетишпейт окшойт аа, көзүң жумулса көтүң ачылат, көтүң жумулса көзүң ачылат бул эмнең я – деген экен.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр.
– “Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер. Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер” дегиче болбой, аркадан бир окуучу:
– Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун дейт экенбиз да – дептир

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Япониялыктар ууру кармай турган робот чыгарышыптыр. Ал роботту Россияга алып келет, 1 саатта 100 ууру кармайт. Францияга алып барат, 1 саатта 200 ууру кармайт. Кыргызстангага алып келет 5 минутанын ичинде роботту уурдап кетишиптир!

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Түндө уктап жатканда бир чоочун адам дарбазадан кирип, эштикти такылдатып калат.:
— Кожоюн, оо кожоюн
— Эмне болду түн оротсунда ким бул?
— Отун керекпи?
— Жок кереги жок.
Эртең менен туруп караса, короосунда бир да отун калбай калыптыр.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов аптекага кирет.
–Чоң кыз, мага ач көздүктүн дарысын берип коёсузбу?
–Канчаны берейин, Өмүрбек Токтогулович?
–Болушунча көбүрөөк, болушунча көбүрөөөөөөөөөк!!!

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир адам кудайга барып сурайт:
-Кудайым сен үчүн 1000 жыл канча убакыт?
-Ал мен үчүн бир секунд.
-А 5 миң доллар сен үчүн канча?
-Ал бир тыйында.
-Анда мага бир тыйын берчи.
-Макул, бир секунд күтө тур.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Түрмөдө анекдот айта берип баарын жаттап калышыптыр да, анан номерлеп коюшуптур.
Тыынч турганда бирөөсү 45! десе баары күлүп калат экен, башкасы 87! десе баары күлүп калат дейт.
Бир күнү жаны зек келип 120! десе баары жарылып күлүп калышат, четте экөө:
– эмнеге күлдүң
– млиин биринчи жолу угуп атам!- дейт экен…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир заманда орус менен кыргыз көрүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө конокко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз:
– “уялбай жей бер” дегенди кандай айтарын билбей, оруска:
– “ешь, ешь как тебе не стыдно” дептир. Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир. Кыргыз ойлоптур:
– “мүмкүн буга кой союп бериш керек деп”. Аны кандай айтарын билбей оруска:
– “я тебя как барана зарежу” дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса.
– “Ары-бери өткөндө келип тур” дегенди кандай айтарын билбей, качып бара жаткан оруска:
– “туда-сюда пройдешь, все равно поймаю” дептир..

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!