Ташмат менен Айшакан чет өлкөгө саякаттап барып, бир мейманкага токтошот. Айшакан жаңы эле киргенде чуркап жүргөн чычканды көрө калып коркуп:
-Ташмат, сен кантсе да аз-маз англисче билесиң. Ресепшнге чалып чычкан жүрөт деп айт. Анда кыйынсыган Ташмат ресепшнге телефон чалып:
-Хеллоу!
-Хеллоу!
-Ду ю ноу Том энд Жерри?
-Йеее
-Зеяр из Жерри.
0 170 Время чтения меньше минуты