Көчөдө чаңга аралашып саат жатат. Өтүп бараткан немис көрө коюп:
– Саат го?.. Чаңда жатканы эмнеси?..
Колуна алып тазалайт да, бийигирээк, таза жерге коюп кетет.
Англис келатып көрүп калат да:
– О, саат го, ыя!? Кана, текшерип көрөлүчү!
Өзүнүн саатын алып чыгып салыштырып, жыйырма төрт жарым секундага тууралайт да, саатты кайра ордуна коюп, андан ары жөнөйт.
Аңгыча биздин киши келатып саатты көзү чалып калат:
– Оп-па-а! Саат болбосоң кое кал! Жүрөбү же жүрбөйбү бу? Ох-ата! Жүрөт экен!.. Жүрү, кеттик мени менен!..
0 110 Время чтения меньше минуты