Ырлар

Тойлор

Күз келет, той сезону ачылат го,
Канча мал, канча түшүм сатылат го.
Жыл бою иштеп тапкан акчасына,
Тойдо бир жыргап кыргыз чачылат го!

Кыйналып, азап менен күндөр өтүп,
Жокчулук кыйнаса да муңкүрөтүп.
Көр намыс чыдатпаган байкуш кыргыз
Карызга той өткөрөт дүңгүрөтүп…

Азыраак ысырапты кылбай турат,
Ордунан ошон үчүн жылбай турат.
Кыргыздар завод курбай жаткан менен,
Зыңкыйтып тойкананы тынбай курат.

Байлыкты той жок болсо уруп коймок,
Бутуна качан эле туруп коймок.
Чачылган акчасына тойлор үчүн,
Кыргыздар Токиону куруп коймок!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!