Окуялар

“Күйөө” сатам ким алат?

Аман экөөбүз бир айылданбыз. Ал жогорку окуу жайды аяктаган билимдүү жигит эле. Бири-бирибизди жактырып баш коштук. Аман мектепте иштечү. Анын тапкан акчасы менен күн кечирип, баарына жеткирип беш балалуу болдук. Жашообуз элдин асты болбосо деле, элден артта калбай тирилик өткөрдүк. Мектепте жакшы мугалим болгондуктан бат эле көтөрүлүп, окуу завуч андан кийин мектеп директорлугуна көрсөтүлдү. Амандын иши алга жылып, балдарыбыз чоңоюп, жашообуз кызыктуу өтө баштады. Мектепке директор болгонуна эки жыл айланганда чоң класстын балдары мушташып, жакшы иштей албагандыгы үчүн Аман сөгүш алды да, өз каалоосу менен иштен кетип, үйдө олтуруп калды.

Ара чолодо ар түрдү иштерди жасап акча тапканы мага жакпады. Мен иштемек болдум. Кичүү эгиз уулдарым колумда эле. Аны Аманга каратып коюп, Дордой базарында иштеген классташ кызымдан товар подрял алып, башка бир базарга сата баштадым. Барган сайын ишим алга жылды. Контейнер сатып алдым. Киреше кудайга шүгүр. Улам акча көбөйгөн сайын, пейилим өзгөрдү. Каада күттүм. Үйгө барсам, Аман тамак жасап үй ичинде олтурганы жинимди келтирчү болду.

Бир күнү Аман иш тапты. Маянасы сегиз миң экен. Мага жакпады. Үйдө олтур мен балдарды караганың үчүн он миң төлөп берем деп олтургузуп койдум. Ошол болду Аман үйдө олтуруп калды. Мен болсо, контейнерлерди көбөйтүп бир топ байып кеттим. Эри бар эле деген аты болбосо, Аманды киши ордуна көрбөй калдым. Өзүмө окшогон базарчы досторду таптым күндө майрам күндө той. Кыялымда акча тапкан киши ушундай болот десем керек.

Бир күнү базардан маанайым жок бардым. Аман тамак жасап мени күтүп жатыптыр, балдарым паркка эс алганы кетишиптир.

— Айнур, апам ооруп жатат экен шаарга алып келип каратсак кантет деди Аман батына албай?

— Ооруса эмне, сенден башка баласы жокпу? Же сен акча таппасаң, — деп бурк эттим.

— Сен акча тапканыңдан баштап өзгөрдүң.

— Сен деле таба бер. Же сен тапкан акчаны мен талаштымбы, — дедим. Ичимдеги көптөн бери жүргөн кыжырымды чыгардым. Ошол күндөн баштап, жолдошумду урушууну адатка айланттым. Ал кыялыма көнүп деле калды көрүнөт кагып-силксем унчукпай кутулчу адат тапты. Жашообузду башка нукка бурган окуя болбогондо балким үй-бүлөбүз бузулбас беле, окуядан дагы бузулууга өзүм шарт түздүм көрүнөт.

Шаарда жашаган классташ кыздар шерине ойночубуз. Адаттагыдай шеринеде Айдай деген классташ кызыбыз Москвадан келе жатканын кеп салып олтурдук. Эмки шеринени Айдай келгенде өткөрүнү кеңешип тарадык.

Бир күнү «Айдай шаарга келиптир, шеринени өткөрсөк кантет?!!» — деп Марзия мага телефон чалды. Шерине өткөрүү менин кезегим болгону үчүн макул таптым. Шаардагы мен деген элиталык ресторандардын бирине өткөрүүнү чечтим. «Майда-чүйдө көтөргөнгө жардам бер» деп жолдошумду ээрчитип алдым. Курбуларым келгенче столдорду жасатып, күтүп калдык. Көп өтпөй кыздар чогуу кирип келишти. Кучак жайып тостум. Кетүүгө кам урган Аманды курбуларым, «Биз менен чогуу тамактан» деп калтырып коюшту. Кече шаңдуу өтүп жатты. Бөтөлкөлөр биринин артынан бири бошоп, ортодо сөздөр көбөйдү.

— Канча балаңар бар, — деп Айдай, баарыбызга суроо узатты.

— Менде бешөө, — дедим. — Сендечи?

— Менде жок. Жолдошум менен 18 жыл жашап, балалуу болбой ажырашкам. Түгөйсүз жаман экен.

— Ой, эмне кыжаалат болосуң, күйөөсү жок кайра «проблема» жок жыргалда, — дедик бир ооздон.

— Билбейм, мен көнө албай жүрөм жалгыздыкка, — Айдай муңайды.

— Ээ, сен кызыксың го. Азыр акча болсо баарын жасасаң болот. Керек болсо, күйөө сатып аласың, — деп күлүп калдык. — Айдай каалайсыңбы, мен күйөөмдү сага сатайын, — дедим оолжуп. Аман ордунан тура калып, — Айнур, сага эмне болду? — деди.

— Эч нерсе, акча таппаган күйөөнүн кереги барбы, сени сатып жиберейин, — дедим оолуга. Аман унчукпай, өңү оңгон чүпүрөктөй бозоруп, олтуруп калды.

— Айдай сатып аласыңбы? Же акчаң жетпейби? — деп каткырдым. Адам эмес, күчүк сатып жаткансып,

— Канчага сатасың? — Айдай сурады.

-100,000 сомго, — дедим. Оюмда Айдайды жөн эле элдин көзүнчө басынткым келди.

— Айнур, кой сен билесиң, мен бир сөздүү аялмын. Аманыңды сатып алсам, кайрып бербей коём. Кийин ыйлап жүгүрбө! — деп күлгөн болду. «Ыйлап» деген сөзүнө териге түштүм,

— Эмнеге ыйламак элем. Акча таппаса, бизди бакпаса дедим кебелбей. 100,000 сом бер да, алып кет!

— Жарайт! Алаарың 100,000 сом болсо берем. Бирок, кийин таарынышмай жок.

— Таарынбайм, келе колду, — Колумду сундум.

-Көргүлө достор, кийин мени күнөөлөбөгүлө! — деп Айдай баарыбызга тигиле карады. Ким билсин баары тамаша катары көрдүбү, «давай» деп кыйкырышты. Кооз чоктой кызыл сумкасынан акча сууруп чыгып, эсептеп Айдай мага сунду.

— Оо, акча — деп колума алып жыттап койдум. — Рахма-аат, — дедим каткыра.

— Сага да рахмат! Мени күйөөлүү кылганыңа…

Айдай ордунан турду да Аманды карап:

— Аманчик, жүрү кеттик, бүгүндөн баштап менин күйөөмсүң! — деп баарыбыз менен салкын коштошуп, басып кетти. Айдайдын артынан Аман эч ким менен коштошпостон, чыгып кетти. Шалдырап эле жаман түш көрүп жатканда оозумдан сөзүм түшүп эле олтуруп калдым. Баарыбыз кызыктай болуп калдык.

— Айнур артынан чык! Кайда кетишмек эле. Сенин тамашаң орунсуз болуп калды! — деди Марзия. Сыртка чыктым. Экөө Айдайдын джип машинасына олтурушту да, жүрүп кетишти. Соодасы өтпөгөн сарттардай болуп туруп калдым. Артымдан кошо чыккан Марзия мени колтуктай ичкериге алып кирди.

— Кайда кетишмек эле. Аман үйгө кетсе керек таарынып калды да дешти. Көпкө олтурбай тарадык. «Аман үйгө келет» деген ойго жетеленип үйгө келдим. Келбептир. Мени коркутуп койгусу келсе керек деген ойдо калдым. Ичимдеги ичимдиктин күчү менен бат эле уйкуга кеттим.

Аман эртеси да келбеди. Анын эртеси. Ошентип көп күн өттү. Балдарым атам кайда деп сурай баштаганда, Аманга телефон чалдым. Көпкө барып Айдай жооп берди.

— Алоо… угуп жатам!

— Аман барбы?

— Ким сурап жатат?

— Мен Айнурмун.

— Аа Айнур сенби, кандайсың?

— Жакшы.

— Аман эми меники! Сен өзүң сатып жибербедиң беле. Экинчи чалып тынчыбызды албачы ээ. Мен кызганчаакмын, — деди. Оозумдан кебим учту.

— Жаным, ким экен? — деген Амандын үнү угулду. — Аа адашкан бирөө экен… — деп телефонду өчүрдү. Жүрөгүм ооруп, көзүм караңгылап, өзүмдү жоготуп бараттым. Ооруканадан өзүмө келдим. Жанымда апам ыйлап отуруптур. Эмне болду кызым, жакшы болуп калдыңбы?

— Ооба апа, жакшымын.

— Балдарың чалгандан кийин, келдим. Эмне болду өзү? Аман кайда? Аманга телефон чалсам башка аял жооп берип жатат. Кайненеңе байланышсам, окуянын чоо жайын кызыңдан сура деп койду. Деги тынчылыкпы, айтчы ботом?..

— Жакшы эле апа. Балдар кайда?

— Балдарың жакшы. Өзүм карап жатам. Эмне болгонун өз оозуң менен айтаарсың деп кыжырдана кетти. Мен апамдын сырын жакшы билгеним үчүн, баштан аяк айтып, бирок Аманды сатып жибергенимди айталбадым. Кыжыры келген апам этегин кагынып туруп кетти. Мени менен коштошпой сыртты көздөй жөнөдү. Унчукпай шыпты тиктеп жатып калдым. Ооруканадан чыктым. Үйдө мени көпчүлүк күтүп жатыптыр.
Машинеден түшөрүм менен, апам башымдан суу айлантып алыс чачты. Кайната-кайненем, кайын журтум түгөл келишиптир. Менин бир-туугандарымда чогуу. Тамак ичилди. Дасторкого бата кылынды, менин апам кепке келди.

— Балаңар көпкөн экен. Кызым менен жашап жатып, башка катындын үстүнө кирип алып… Ой ооруп жатканда келип койбойбу жок дегенде. Беш баланын жүзү үчүн?

— Кызыңызда күнөө. Кайненем кепке келди. Менин баламдан бешти төрөп алып, уул үйлөп кыз чыгарарда торпок саткансып, уулумду сатып акчасын алат деген эмне деген шумдук.

— Эмне деп кызыма жалаа жаап жатасыңар? Баарыңардын тилиңер бир тура. Апам кыжырдана ордунан турду. Аман кайда жүрөт. Мен аны түрмөнүн түбүндө чиритем.

— Аман эле керек болсо, азыр чакырам, келет. Бирок кудагый, абайлаңыз, ушунча жыл жакшы куда болдук, сый бойдон калалы! — деди кайненем. Менде сөз жок. Оозума талкан сугунган өңдүү олтурам эмне кылып койдум эле деп. Көп өтпөй Аман Айдай менен кошо кирип келди.

— Кандайсыздар? Жакшы турасыздарбы?

— Жакшыбыз. Апам кекете жооп узатты. Менин кызымдын башын аттап кетчү сенсиңби? Андай эркек экенсиң, башын ачып кетпейт белең?

— Апа, сиз туура эмес түшүндүңүз. Айнур мени сатып жиберди. Ага акча таппаган эркектин кереги жок имиш.

— Жаныңды жебе.

— Айнура, тур өзүң айт, кантип сатканыңды… Аман мага кайрылды.

— Апам мага бурулуп, — Чынбы? — Чын апа… — дедим. — Аманды саткам Айдайга.

— Айдай, кайсыл классташыңбы? Апам суроо узатты. Айдайга карап, — Айдай, уялбайсыңбы, бирөөнүн күйөөсүн тартып алгандан, — деди.

— Айнур, мен сага башында айткам. Бул эмне кылыгың, мени жаман атты кылып, өзүң акча таппаган эрди сатам деп туруп алдың, мен сатып алдым. Сүйлө, барын баштап коюп отура бербей, — деди мени карап Айдай.

— Туура саткам. Айдайдын сөзүнө чыйралдым. Бирок биз мыйзамдуу аял-күйөөбүз. Кыргызстанда кош никелүү жок.

— Аның чын Айнур, бирок сатып жиберип артынан ызы-чуу чыгарыш уят иш. Мага Аман керек эмес дебейм. Аман өзү тандасын. Менин боюмда бар. Сени менен калам десе өз иши. Мени менен кетем десе каршы болбойм. Тандоо Аманда.

— Мен Айдай менен кетем. Айнур сен кыжаалат болбо, нике күбөөлүгүн кыркууга арыз берип койдум. Эми өзүң каалагандай жашайсың! — деди. Апам «түшүнбөй жатам, баарын башынан айткылачы» — деп суранды. Аман ордунан туруп, үйлөнгөндөн баштап ушул күнгө чейинки турмушубузду тизмектеп айтып берди.

— Айнура ушул аныкпы деди атам, ооба дедим ындыным өчө.

— Бетиң курсун сенин. Эркекти кор туткан деп жекире карады.

Аман ордунан туруп, баарына карап, — Мени кечиргиле. Бул да болсо тагдыр. Менин беш балам бар. Буйруса, дагы көбөйөт. Айнурдагы балдарымдан баш тартпайм. Жардам берем… Жолугам дегендей… Бирок Айнура менен жашабайм. Башын бошотом, кааласа турмушка чыксын… Айдай менен калам. Айдай мага экинчи жашоо берди. Эркек экинимди эске салды. Мен бул дүйнөгө экинчи ирет жаралгандаймын. Мени кечиргиле, жумуштарым көп, — деп коштошуп, Айдайды жетелеп чыгып кетти. Баарыбыз унчукпай олтуруп калдык. Айрыкча менин туугандарым өтө сөзгө сынып калышты. Кайын журтум мени менен суз, балдарым менен эзилише коштошуп чыгып кетишти. Менин төркүнүм калды.

— Ата, эмне кылабыз? — улуу агам сөз узатты.

— Эмне кылмак элек. Өз тагдырын өзү чечип, тарыхта аты калчуудай жорук жасаптыр го карындашың, эми эмне кыла алабыз. Акчага көөп, көзүн май басса олтура берсин эми.

— Балким сотко берип, кайтарарбыз ата, — эжем суроо узатты.

— Кантип?!! Бул акмак эркекти тебелеп сатып жиберсе… Аман намыстуу жигит, кайрылбайт! Кызым адашты… — деп атам баш чайкады.

— Аман келесоода, — апам чебеленди. — Сатса эле сатылып кете береби?!! Итке окшоп бир катынды ээрчип…

— Аман сабырдуу жигит экен. Сатып акчасын алса, унчукпаган. Мен анын ордунда болгонумда, мени саткан аялымды муздап салып, жооп берчүү жерге өзүм бармакмын, — деди атам. Жүрөгүм зырп этти. Аман мени өлтүрбөй, бирок бычаксыз муздап кеткенин сездим.

— Эми кызым, биз кетели. Атам кеп учугун улады. Башың аман, балдарың аман тиричилигиң жакшы, жашай бер. Катуу жаңылдың. Эми бир бүтүм чыгарарда абайла. Өзүңдү жакшы карап, тууган-душманга сөз болбо. Биз бар, бир-туугандарың бар сени жалгыз калтырбайбыз. Ыйлап жаттым, баары кетти. Балдарымдын бетин карай албай, уктоочу бөлмөгө кирип жатып алып, буркурап боздоп ыйладым. Мен Аманды чындап жакшы көрөрүмдү ошондо гана сездим.

Кезектеги шерине

Кезектеги шеринени Асылзат өткөрдү. Айдай кеч келди. Өзү келбей Аманды ээрчите келгенин кара. Ичимди ит тырмагандай болуп, жаман болдум. Аман сулуу болуп кетиптир. Же мен сагынганга ошондой көрүндүбү, айтор, өтө сулуу. Айдай аябай бактылуу, ичи билинип калыптыр. Бир жакка бармак элек деп эрте кетишти. Кайда барышарын эң жакшы билет элем, бүгүн кайненемдин туулган күнү… балдарым куттуктап кетишкен. Аны эстеп жүрөгүм бир эңшерилип алды. Алар кеткенден кийин курбуларым Айдайды жамандашты. Мага «өзүң жалгыз кылдың» деп асылышты.

— Эми кетчү кетип, келчү келди, эмнеси болсо да баары аман. Келгиле Айнурда өз теңин тапсын, — деп кыздар тост көтөрүштү. Көпкө олтуруп кызуу кайттым. Үйдө эч ким жок экен. Диванга куладым. Жалгыздыктын кучагында көңүлсүз отуруп, ошол бойдон уйкуга кеттим…

Аман кеткенине жыл айланды. Акча көп. Бары бар. Бирок жашоомо Аман жетишпей келет. Сагынуу… Күтүү…
Бүгүн ал эгиз уулду болгонун угуп, жанымды жерге коё албай, бул жакка келдим, — деп сөзүн аяктады.
Сүйлөөрдө абайлап тамашаны да ойлонуп орду менен сүйлөө керек экенин айтып сөзүн аяктады.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!