Анекдот - кыргызча

Башка бирөө атса керек

Төрөт үйүнүн жанында ары-бери басып 85 жаштагы карыя бирөөнү күтүп атат. Төрөт үйүнөн чыккан дарыгер эки жакты карап карыяга:
-Азыр эле көз жарган Айшакан Акматованын жакыны болосузбу?
-Ооба, жолдошу болом. Таң калган дарыгер:
-Төрөгөн келин жапжаш жыйырма беште экен?…
-Ооба, аялым. Анын эмнеси бар экен? Же мени ата боло албайт деп ойлоп жатасызбы?
-Жооок. Чоң-атам эсиме түшүп кетти.
-Чоң-атаңызга эмне болду эле?
-Ууга чыкканды жакшы көрчү. Такай чыгып турчу. Жашы өйдөлөгөн сайын кыйналчу болду. Бир күнү дагы ууга жөнөгөндө: “Чоң-ата, карыдыңыз. Барбай эле коюңуз”-, десек болбой өжөрлөнүп жөнөп калды. Карылык да мылтыктын ордуна таягын көтөрүп алды. Мен да аны менен чогуу бардым. Тоодо бир топ басып жүрүп бир кийик көрдүк. Чоң- атам кары адам болчу дебедимби, таягын колуна алып кийикти көздөй мээлеп туруп атты эле кийик кулап түштү.
Карыя:
-Ошол кантип болсун? Таяк менен…. Башка бирөө атса керек.
-Мен да сизге ошону айта албай жатпаймбы…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!