Аралаш темада

Бугу уруусу

Бугу уруусу Гүлмырза менен Гүлпериден тараганбы?

– Сиз коркуп жатасызбы? Жигит кыздын колдорун кармады. Колдон өткөн сыйкырдуу күчтөн кыздын денеси балкып кетти. Өзүн жоготуп койду. Коркууну такыр унутту. Жигит менен сагынышкан эски таанышындай элжиреп сүйлөшүп кетти.
– Биз чоң уруу эл элек. Капилеттен жоо тийип, эркек-ургаачы дебей кырышты. Бир уруудан үч жан калдык атам, энем, мен. Биз да кудайдын буйругу менен аман калдык. Энем акылдуу киши. Жоо тийсе сактанганга деп дайыма тактанын астынан ороо казып, үстүн чымдап жаап койчу эле. Курчоодо калып бүт кырылып арга түгөнгөндө үчөөбүз ошол ороого жашынып үстүн чымдап жаап алып аман калдык. Жоо кеткенден кийин ушул тоо арасына качып келип жашынып жашап жүрөбүз.
– Эх адамдар?! Эмне мынча бири-бириңерге душмансыңар.
Кыз жигиттин сөзүнө таңдана көзүнө тигилди. Жигиттин көздөрү кызга адамдыкына эмес, бугунукуна окшоп кетти. “Мен эмнени ойлоп жатам” деп койду кыз ичинен. Жигит кыздын колдорун кармалап койду эле, каны дүргүп кайрадан өзүн жоготуп койду.
Кыз жигитти ээрчип гүлдүү талаага кандайча келип калганын билбеди. Ар түрлүү гүлдөрдү көргөндө чыдабаган кыз делбиреп чуркай гүл терип кирди. “Гүл жандуу экенсиз” деди жигит. Кыз гүлдөн топу түйүп башына кийди. Оромол түйүп жигиттин мойнуна ороду. Экөөнүн оюну бүтпөдү. Кумарлары тарабады. “Ой, күн кечтеп кетиптир го” деп чоочуду кыз. “Ата-энем эмне дейт. Мен үйгө кетейин”. Экөө бөлүнүшө албай турушту. Жигит кызды экөө жолуккан булакка чейин узатып келди.
– Дагы жолугушабызбы? – деди кыз кирпиктерин нурдай чачырата жигитке тигилип. Жигит үнсүз турду да:
– Мен бүгүн биздин тукумдун мыйзамын буздум. Сага жолуктум. Эми кайра жолугушабызбы же жокпу, ачык айта албайм. Туура жети күндөн кийин күт. Эгер келсем келдим. Келбесем мени мындан башка көрбөйсүң. Кош бол перим. Менден башка эч нерсе сураба. Бүгүнкү жолугушуубуз тууралуу жан адамга, ата-энеңе да айтпа. Айтсаң экинчи көрүшпөй калабыз.
– Эмне сырыңды жашырасың деп кыз кылыктана таарынымыш болуп булак боюна отура калды эле, жигит кандай пайда болсо кайра так ошондой жок болду. Ордунан айланып жигитти таппай калган кыз маңдайдагы карагайлуу белести ашып баратып кылчак-кылчак артын караган келишкен сулуу чоң ак бугудан башка айланадан кыбыр эткен жанды байкай албады.
Кыз үчүн жети күн жети жылдай созулду.

(Бул окуянын башталышы менен аягын окугуңар келсе, аталган (
http://ok.ru/bekturplast
) ссылканы бассаңар, «Бектур пласттын терезелери» деген группага туш болосуздар, анан «присоединится» дегенди басып, группага кошулуңуз да, кызыктарга дайым ортоктош болуп жүрөбериңиздер.)

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!