Апенди базарлап жүрүп, эшегин жоготуп жиберет. Анан элге жар салат: Кимде-ким эшегимди таап берсе – жоголгон эшекти ээр-токуму, ңокто-жүгөнү менен ошо кишиге берем.
– Кызык экенсин, тапкан кишиге эшегиңди берсең – аны издеп эмне кыласың? – дейт бирөө.
– Өзүң кызык экенсиң! – дептир Апенди. – Жоголгону – белекке кетсе, табылганы өзүмө калат да.
Кимиси тетири?
Бир күнү Апенди атын тетири минип келиптир.
– Атка тетири минип жинди болдуңбу? – дейт аялы аны аттан түшүрүп жатып.
– Мен тетири минбей эле, ат өзү тетири туруп алса эмне кылайын? – деп актаныптыр ал.