Окуялар

Эненин көз жашы

ЭНЕНИН
КөЗ
ЖАШЫ!! Жаш кезинде күйөөсү
каза болуп калган аял төрт
баласын өзү жалгыз
тарбиялап чоңойтот. Эң улуу
баласы күйөөсү каза болгон
убакта араң гана 11 жашта
болчу. Күйөөсү аябай камкор
эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн
кийин күйөөсүнүн милдеттери
аялына түшүп, бардык
убактысын балдарын
тарбиялоого, балдарына кам
көрүүгө жумшады. Күнү-түнү
иштеп, жалгыз көп
кыйынчылыктарды башынан
өткөрдү. Күндүзү иштесе,
түнкүсүн балдарына тамак
жасап, түн жарымда араң
уктачу. Кайрадан эрте менен
эртелеп туруп, балдарынын
тамак-ашын, кийим-кечесин
даярдап, аларды мектепке
жөнөтүп, кайрадан алардын
мектептен келерин
чыдамсыздык менен күтчү.
Балдарынын эр жетип, мыкты
уул болушу үчүн баарына
чыдачу эле. Түйшүктүү күндөр,
айлар, жылдар өтүп балдары
бой жетип чоңойду. Балдары
баралына жетип, өз алдынча
турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү
болушса деле апасы
балдарынын бардык
түйшүктөрүн өз мойнуна алып
жүрдү. Арадан жылдар өттү.
60 жашка келген апасы
бапестеп өстүргөн уулдарына
оор жүк болуп, жалгыз калды.
Апасын карагылары келбеген
балдары бир күнү чогулушуп,
апасын кезектешип карай
турган болушту. Апасынын ден
соолугу начарлап, сүйлөй
албай калды. Убакыттар өттү,
апасы керексиз буюмдай бир
баласынын колунан экинчи
баласынын колуна өтүп, күн
өткөрүп жатты. Келиндери да
жаман сөздөрүн айтышып,
орой мамиле жасашты. Ал
мындай кордукка чыдады.
Унчукпады. Төрөгөндөн
үйлөнгөнгө чейин кам көргөн
уулдарынан ушундай
мамилени көрдү. Уулдары
болсо, апасынын
жоопкерчилигин алыштын
ордуна бири-бирине түртө
салышты. Апасын карагандан
айынан бири-бири менен
урушушту. Кароо кезеги кичүү
баласына келди. Ал аялы экөө
достору менен конокко
бармак болушкан. Бирок
апасын ким карайт?
Жинденген уулу улуу агасына
чалды. – Байке, бүгүн менин
аябай зарыл жолугушум бар,
барбасам болбойт. Апамды
сеникине алып барам, бүгүн
менин ордума сен карап тур.
Агасы ачууланып инисине:
“Алып келсең мени эшикти
ачат деп ойлобо”-деп
кыйкырып, экөө урушуп
кетишти. Урушканына
карабай иниси апасын
агасыныкына алып жөнөдү.
Дарбазаны такылдатты. Эч ким
ачпады. Дагы такылдатты.
Агасы дарбазаны ачмак
турсун, кызыгып келип сурап
койбоду. Такылдатып тажаган
иниси: “Дарбазанын артында
апаң отурат. Дарбазаңды
ачып, апаңды үйүңө алып
кирип ал”- деп кыйкырып,
барчу жагына кетип калды.
Апасы булардын баарын
көрдү. Көзүнүн жашы көл
болуп куюлду. Кыймылдаганга
алы келбеди. Сүйлөй да албайт
эле. Көпкө отурду. Эч ким
дарбазаны ачпады. Бир тирүү
жан апасын издеп чыкпады.
Эч ким апам тамак жейт
бекен, уктайт бекен деп
ойлободу. Апасы уулдарына
жасаган көп жылдык
камкордугуна ушинтип таш
боор жоопту алды.
Уулдарынын жаш кездерин,
уулдары үчүн тамак, кийим-
кече издеп өткөргөн күндөрү
элестеп жатты. Өзүнө- өзү:
“Чын эле ушулар менин
балдарымбы?!!!…. Мен
буларды аздектеп сүйүп,
ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө
кошо сүйүнүп чоңойттум….
Түнкүсүн суу ичет элем, тамак
жейт элем деп түн уйкумду
канча бузушту… Ага
жинденбедим…. Оорушса
кошо оорудум… Окуттум,
үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу
кылдым, бирок акырында
жалгыз калдым, суукта
калдым! Ачка калдым.
Караңгы түндө жалгыз
калдым! Апасы аябай
ызаланды. Өткөн күндөрүн
эстеп аябай ыйлады. Караңгы
түндө кароосуз жалгыз
калды….. Эрте менен жумушка
жөнөгөн уулу дарбазасын
ачса, апасы дарбазанын
артында өлүп калыптыр….
Ыйык Куранда айтылат: “Ата-
энеңерге камкор болгула
жана аларга эч качан “уфф”
деп айтпагыла! Аларга
мээримдүү сөздөрүңөр менен
кайрылгыла!”. Ата-энеңерге
жасаган жаман мамилеңер
үчүн бул жашоодо
жазаланышыңар мүмкүн!
Ошондуктан, ата-энеңерге
алар мындан ары силерге
керек эместей мамилени
сездирбегиле! Ата-энеңер
менен бирге жашагыла!
Аларга жылуулук бергиле,
мээрим чачкыла, көңүл
бургула! Алар ар дайым
силердин жылуу мамилеңерге
муктаж экендигин унутпагыла!
Ата-энеңерди таштабагыла!
Силер ата- энеңерге кандай
мамиле жасасаңар, силер да
балдарыңардан ошол
мамилени көрөсүңөр! Ата-
энеңерди карагыла..
КЛАСС БААС.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!