Анекдот - кыргызча

Айдоочу жана МАИ кызматкери

Катуу келаткан машинаны МАИчи тосуп калат.
– Кызылды карабай өттүңүз. Ылдамдык да жогору экенин да радар көрсөтүп турат. Ичкенсиз го. Үйлөңүзчү.
Айдоочу үйлөйт.
– Мына айтпадым беле, ичипсиз.
– Коюңузчу, ичкен жокмун. Аппаратыңыз жаңылып жатат. Аялым да үйлөп көрсүн.
– Мына сиз да, аялыңыз да ичкен турбайсыздарбы?
– Эми балам үйлөп көрсүн – деп он жашар уулун чакырат. Аппарат аны да ичкен деп көрсөтөт.
– М-м-м. Кечиресиз. Кете берсеңиз болот, – дейт оңтойсузданган МАИчи. Алардан узагандан кийин күйөөсү аялына:
– Айтпадым беле, балага аз-маз ичирип койсо, зыяны болбойт деп…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!