Без рубрики

НАСА

НАСА Марска киши учурууну пландап, ыктыярдууларга жарыя берет. Бир шарты-Марска учкан адам кайра келбейт. Биринчи талапкерге бул иш үчүн канча кааларын сурашат. “Бир миллион доллар. Аны балдар үйүнө котором”,-дейт. Экинчи талапкер эки миллион сурайт. Бир миллионун үй-бүлөсүнө, дагы бир миллионун ар кандай изилдөө иштерине кайрымдуулук кылаарын айтат. Үчүнчү болуп Ташмат кирет.
-Канча сурайсыз?
-Үч миллион.
-А, эмне мынча көп? Башкалар бир,эки сурап жатат.
Ташмат акырын шыбырап:
-Бир миллионун мен алам, бир миллиону сиздерге, а бир миллионуна тиги биринчи кишини учуруп жиберебиз.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!