Ырлар

Келиндер төркүнүнө кайтпаса экен!!!

Келиндер төркүнүнө кайтпаса экен!!!

“Келин”деп катуу айтып какпаса экен, Кемсинтип,кемчилигин айтпаса экен.
Жетелеп балдарын тубөлуккө,
Келиндер төркүнүнө кайтпаса экен.

Бүлөөнү суйуусу жок курбаса экен,
Бирөөнун тагдыр жолу сынбаса экен.
Кыр издеп жумурткадан чыр чыгырып,
Куйөөлөр аялдарын урбаса экен

Булактын суусун сазга бурбаса экен,
Арамды,адам сууга жуубаса экен.
Болбогон буюм үчүн балта чаап,
Кайын журт келиндерин куубаса экен.

Бирөөгө бирөө шылдың күлбөсө экен,
Келиндер турмушунан күйбөсө экен.
Балдарын багам деп түйшүк тартып,
Талаалап апакелер журбөсө экен.

Мас болуп,эркек жаңжал баштабаса,
Апалап балдар көзү жашыбаса,
Аялын таштаса да мейли бирок,
Аталар өз балдарын таштабаса.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!