Аралаш темада

Табытта калып кеткен аял

ТАБЫТТА КАЛЫП КЕТКЕН АЯЛ

Бир аял оор кылмыш жасагандыгы үчүн көп жылга түрмөгө түшүп калат. Бирок ал өз өмүрүн түбөлүк түрмөдө сакталышын каалабай түрмөдөн качыштын жолдорун издей баштайт. Ушул максатта ал түрмө кызматкерлеринин бири менен достошуп алат. Ал кызматкердин иши түрмөдөгү маркум болгон сөөктөрдү түрмөдөн мүрзөгө жеткирүү эле.
Түрмөдө кимдир бирөө каза болсо ага аталган коңгуроо чалынар эле.Кийин бул кызматкер өлүктү табытка орноштуруп, түрмө кана адистигине барып кагаз иштерин бүтүрүп, сөөктү мүрзөгө жеткирет эле.Мунун баарын аңдыган кылмышкер аял түрмөдөн качып кетүү жолун ойлоп чыкты да жанагы досуга айтып качууга жардам берүүсүн суранды.
Бул аялдын ою,кийинки жолу коңгуроо чалынганда аял дароо табыт каанага барып , өлүк салынган табытка кирип алышы. Досу кагаз иштерин бүтүрүп келгенче бул табытты алып чыгып кетишет эле. Кабырстанга жеткириш, көмүш жана башка маселелер башка адамдар аркылуу аткарылгандыгы үчүн аял бул мезгилде унчукпай жатышы керек эле. Досу болсо түн ичинде келип, табытты казып алыш эле.
Түрмө кызматкери коркконунан буга көпкө чейин макул болбой жүрдү. Бирок аял кайра-кайра аярлык менен сурай берип аны көндүрдү. Бул келишүүдөн кийин да аял түрмөдө кимдир өлүшүн күтүп, бир нече аптаны эптеп өткөрдү.Акыры, бир күнү түштөн кийин аял ошо коңгуроонун үнүн угуп башы асманга жетти. Бир аз күтө туруп эч кимге билдирбей караңгы тарапка жол алды. Үн чыгарбаска аракет кылып табытты ачты да өлүктүн жанына жайланышып алып, үстүнөн капкакты жапты.
Тез арада кадам ташталган үндөр угула баштады, түрмө кызматкерлери келип капкакты мыктай башташты.
Өлүк менен бир табытта жатыш канчалык ыңгайсыз болсо да, аял боштондукка чыгыш үчүн бары жокко даяр эле.Табытты машинага жүктөп суук кабырстанга жол алышты. Аял үн чыгарбай жатар эле. Табыт үстүнө топурак ташталып жатканын сезип,жүрөгүнө бир аз муң түшкөн болсо да, эркиндик жакындашып жатканын ойлоп өзүн тынчтандыраар эле.
Үндөр тынды, демек, эми ал досунун келишин күтүп, убакыт өткөзүш керек эле. Бирок аял жалгыз өзү аябай зээрикти.
Ойлонду:
-Кызык табыт ээси ким болду экен??
Ушу маалга чейин кызыкпаган эле…Мунун тиешеси жок деп ойлогон. Бирок жата берип зээриккенден анын кимдигин жөн гана билип койгусу келди. Жанында күкүрт салып келген эле. Табыттын ичиндеги кислородду этиятташ керек экенин билсе да, маркумдун жүзүн көрүүгө кызыккандыктан бир дан чагып көрүүнү чечти. Күкүрттү маркумдун жүзүнө жакындатаары менен аябай катуу, коркунучтуу чыңырып жиберди. Себеби өлгөн адам кылмышкер эмес, ал өзүнүн качуусуна жардам берип жаткан түрмө каана кызматкери, досу эле…..[которгон: Нурмухамед]ТАБЫТТА КАЛЫП КЕТКЕН АЯЛ

Бир аял оор кылмыш жасагандыгы үчүн көп жылга түрмөгө түшүп калат. Бирок ал өз өмүрүн түбөлүк түрмөдө сакталышын каалабай түрмөдөн качыштын жолдорун издей баштайт. Ушул максатта ал түрмө кызматкерлеринин бири менен достошуп алат. Ал кызматкердин иши түрмөдөгү маркум болгон сөөктөрдү түрмөдөн мүрзөгө жеткирүү эле.
Түрмөдө кимдир бирөө каза болсо ага аталган коңгуроо чалынар эле.Кийин бул кызматкер өлүктү табытка орноштуруп, түрмө кана адистигине барып кагаз иштерин бүтүрүп, сөөктү мүрзөгө жеткирет эле.Мунун баарын аңдыган кылмышкер аял түрмөдөн качып кетүү жолун ойлоп чыкты да жанагы досуга айтып качууга жардам берүүсүн суранды.
Бул аялдын ою,кийинки жолу коңгуроо чалынганда аял дароо табыт каанага барып , өлүк салынган табытка кирип алышы. Досу кагаз иштерин бүтүрүп келгенче бул табытты алып чыгып кетишет эле. Кабырстанга жеткириш, көмүш жана башка маселелер башка адамдар аркылуу аткарылгандыгы үчүн аял бул мезгилде унчукпай жатышы керек эле. Досу болсо түн ичинде келип, табытты казып алыш эле.
Түрмө кызматкери коркконунан буга көпкө чейин макул болбой жүрдү. Бирок аял кайра-кайра аярлык менен сурай берип аны көндүрдү. Бул келишүүдөн кийин да аял түрмөдө кимдир өлүшүн күтүп, бир нече аптаны эптеп өткөрдү.Акыры, бир күнү түштөн кийин аял ошо коңгуроонун үнүн угуп башы асманга жетти. Бир аз күтө туруп эч кимге билдирбей караңгы тарапка жол алды. Үн чыгарбаска аракет кылып табытты ачты да өлүктүн жанына жайланышып алып, үстүнөн капкакты жапты.
Тез арада кадам ташталган үндөр угула баштады, түрмө кызматкерлери келип капкакты мыктай башташты.
Өлүк менен бир табытта жатыш канчалык ыңгайсыз болсо да, аял боштондукка чыгыш үчүн бары жокко даяр эле.Табытты машинага жүктөп суук кабырстанга жол алышты. Аял үн чыгарбай жатар эле. Табыт үстүнө топурак ташталып жатканын сезип,жүрөгүнө бир аз муң түшкөн болсо да, эркиндик жакындашып жатканын ойлоп өзүн тынчтандыраар эле.
Үндөр тынды, демек, эми ал досунун келишин күтүп, убакыт өткөзүш керек эле. Бирок аял жалгыз өзү аябай зээрикти.
Ойлонду:
-Кызык табыт ээси ким болду экен??
Ушу маалга чейин кызыкпаган эле…Мунун тиешеси жок деп ойлогон. Бирок жата берип зээриккенден анын кимдигин жөн гана билип койгусу келди. Жанында күкүрт салып келген эле. Табыттын ичиндеги кислородду этиятташ керек экенин билсе да, маркумдун жүзүн көрүүгө кызыккандыктан бир дан чагып көрүүнү чечти. Күкүрттү маркумдун жүзүнө жакындатаары менен аябай катуу, коркунучтуу чыңырып жиберди. Себеби өлгөн адам кылмышкер эмес, ал өзүнүн качуусуна жардам берип жаткан түрмө каана кызматкери, досу эле…..[которгон: Нурмухамед]

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!