Аралаш темада

ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ…

«ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙ ЖАШАП КЕЛЕМ..

– Кайда барасың?
– Ишиң эмне?! Мен бүгүн келбейм…
– Андан ары көзүмө көрүнбөй жоголуп кет!..
Эшикти тарс жаап, галстугумду чала байлап,
жулкуна машинама түшүп жөнөп калам. Менин
күндөрүм акыркы үч жылдан бери ушинтип
башталчу болду. Жумушка барам, андан ары
кыздар, той, тамаша…
Мен качан ушул нерсени адатка айлантып
алдым? Адамдар, айрыкча аялдар «акчабыз көп
болсо, укмуш жашасак экен…» деп ойлошот. А
бирок бечаралар так ошол акча алардын
күйөөсүн бузарын билишпейт.
Жубайым Наргиза алгач ыйлады, сыздады,
төркүнүнө кетип калды балдарды алып, кийин
айласы жок көнүп берди. Мен муну өзүмдүн
жеңишим деп билдим. «Аял дегенди ушинтип
кармаш керек» дедим ого бетер керсейип. Өзүм
менен өзүм болуп жүрүп балдарымдын кандай
чоңоюп калганын байкабай калыптырмын.
Кезектеги «чоң казатта» мен уруп жаткан
апасынын үстүнө түшө калып чырылдаган
кызымды жиним менен түртүп жибердим. Кызым
сенделе бурчка барып туруп калды да:
– Мен сизди жек көрөм!- деди.
– Эмне-е?..
– Апамды эмнеге урасыз?! Эмне кылды сизге?!
Өзүмө келип соолуга түштүм. Калчылдап мени
тиктеп, көзүнөн каары чыгып турган 12 жашар
кызды эмес, чоң адамды көргөндөй болдум.
Шалдайып отуруп калдым. «Качан булар чоңоюп
кетишкен?..» дедим ичимден. Ошондо
балдарымдын менден алыс чоңоюп калганын
байкадым. Мен келсем тамак жеп жаткан
жеринен туруп же сыртка чыгып кетишет. Мага
эң оор жаза ошол болду. Аны да аялымдан көрүп
«сениби, шашпа, акмак, балдардын көзүнө мени
желмогуз кылып көрсөтүп жатасың!..» деп
кекендим. Ошол күндөн баштап аялым менин эң
биринчи душманыма айланды. Эми ачык эле
анын көзүнчө көңүлдөштөрүм менен сүйлөшүп,
жасанып чыгып кеткенге өттүм.
Бул арада мен бир аялды жактырып калдым.
Ажар мени эмнеси менен арбап алды билбейм,
менден алты метр алыс качып жатканына да
карабадым. Эркектер табиятыбыздан аңчы болот
окшобойбузбу. Канчалык өзүнө жолотпой качкан
сайын, аны жеңүү менин кумарыма айланды.
Бир максатты көздөсөм, ага баары бир жетем.
Артынан калбай жүрүп Ажарды да макул кылдым.
Биротоло сөзүбүздү бекемдеп, мен үйүмдөн
чыгып кете турган болдум.
Ошол күнү аялым жумушта, балдарым сабакта
кезде үйгө бардым. Эч ким менен урушуп-
талашпай эле, акырын кетип калууну чечтим.
Кийимдеримди салып, өзүмө тиешелүү
документтерди таппайм. Үйдү чаң ызгыта тинтип
айлам кетти. Акыры ачкыч менен бекитиле
турган шкаф бар эле, ошол көзүмө урунду. Бир
уруп ачтым. Издегенимди таптым. Нике тууралуу
күбөлүк, менин паспортум жана бир нече
кагаздар жүргөн экен. Көңүл коюп карасам,
аялымдын медициналык баракчасы экен.
Ошондо гана шкафтын ичи дарыга толо экенин
көрдүм. Рак! Аялым рак менен ооруп жүргөнүнө
бир жыл болуптур. Шалдырап колумдан кагазым
түшүп отуруп калдым.
Өмүрүмдө биринчи жолу корктум. Балдар эмне
болот? Мен эмне болом? Үй-жай, урук-тууган?..
Акыркы жылдары эч ким менен ишим болбоптур.
А Наргиза үйдү, сыртты, тууган-туушканды,
катышты, баарын өзү тейлеп келген.
Канча отурдум ким билет, эшик ачылып Наргиза
кирип келди. Тобо, ал ушунчалык карып
кеттиби? 37 эле жашта го… Эмне көрдү бул
өмүрдө байкушум? Экөөлөп бизнес баштаганбыз.
Мага жардам берип жүрүп эле эки баланы
төрөдү. Эми жашообуз жашоого окшошуп
баратканда менин таскагым чыкты. Ал бөлмөгө
бир көз жүгүртүп алып, оор улутунду.
– Кетесиңби?- деди чарчаңкы.
Унчуга албадым. Ал ордунан туруп баратканда
баракчаны бетине такай бердим.
– Бул эмне, ыя?
– Бул – оору, бул – өлүм…- деди жай гана.
– Эмнеге мага айткан жоксуң? Эмнеге
жашырдың?- дедим демите, колум көнүп
калгандай көтөрүлүп.
Наргиза мени таң кала тиктеп алды. Бакырайган
көздөрүнөн аккан жашты көрүп, колум өзүнөн-өзү
түшүп калды.
– Эмнеге жашырдың? Эмне кылам эми?
– Бара бер, колуңду кармабайм…- деди аялым.
А мен кете албадым. Ошол күнү кечке шаар
аралап басып жүрдүм. Көз алдыма жубайымдын
жаш кези, үмүткө, сүйүүгө толгон жүзү тартылып
баратты. Ишенбейсиңер, бирок ошол түнү мен
аялымды гана өмүр бою сүйгөнүмдү түшүндүм.
Башка аялдар жөн гана көңүл ачуу, адреналин
экен. Атүгүл Ажар да… Таң агарганда гана үйгө
келдим. Наргиза уктап жаткан экен, анын
кубарган жүзүнөн сылап отуруп көзүмдөн жаш
тегеренип, жаак ылдый агып турду.
– Ал аял менен бактылуу болушуңду каалайм!..-
деди көзүн ачпастан.
– Жок! Мен акмакмын! Мен билбепмин, бактым
жанымда экенин аңдабапмын!
– Мен балдарым үчүн аты жаман ооруну жеңем.
А сен бара бер…- деди.
Бирок ал айткан сөзүнө турган жок. Ооруну жеңе
албай жүрүп, бир жылдан кийин каза тапты. Бир
күн да жанынан чыккан жокмун, алып барбаган
доктурум, таппаган дарым калбады. Өмүрүнүн
акыркы күнү гана мени карай жылмайып: «Сен
эсиңе келиш үчүн мен оорушум керек болгон
турбайбы. Мен сени кечирдим!»- деди. Бирок
мен өзүмдү кечире албай жашап келем….

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»