Окуялар

Барбай эле коёлу деп чечтик

Аялы командировкага кетет. Күйөөсүнө смс жазат: “Асылым, Аруукени саат 8.10 же 8.15ке бала бакчага алып барып калуу керек. Ошондуктан аны 7.30-7.35те ойготууң керек. Ага колготки, ток көк түстөгү жынсы шым, экинчи полкада турган футболкасын кийгиз. Анын үстүнөн сыя түстөгү же малина түстөгү кофточкасын кийгиз. Бул кийимдер баягы бөлмөдөгү 3-полкада турат. Ошол эле полканын жанындагы шкафты карасаң кызгылт түстөгү көйнөгү бар, ошону ал. Сенин кийимдериң турчу полканын сол тарабын карасаң байпактар бар, ошол жерде жумшак үй тапичкесин алганды унутпа. Анан чачын экиге бөлүп “куйрукча” сымал байлап бергени аракет кыл. Чачына такчу резинкасынын кандайдыр сүрөтү бар эле, ошону тагып бер, ал күзгүнүн жанындагы текчеде турат. Аба-ырайын байка, кызгылт түстөгү пальтосу менен сыя шапкесин кийгизип, кызгылт моюн орогучун байла. Же болбосо жашыл түстөгү шапкеси менен тагып кое бер ошол кызгылт моюн орогучун. Бутуна баягы жаңы өтүгүн кийгиз. Баарын текшерип, даярдана бергиле. Болбосо мага чалсаң. Мен ойгоомун.”Бир аздан кийин эле күйөөсүнөн жооп келет:
#Биз_бала_бакчага_барбай_эле_коелу_деп_чечтик.
😆😆😆😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!