Анекдот - кыргызча

Армияга чакырылган солдат

Бир аял жанын берген жалгыз уулун үйлөндүрүптүр….
Баласы Камаздын шопуру экен, бир жолу жумуш менен узак жолго чыгыптыр. Апасы менен келини үйдө калыптыр. Апасы күн сайын келинине чачын тарап, өрүп берүүнү өтүнөт. Бир күнү чач тарап,өргөндөн жадаган келини кайненесин чачтарачка барууга көндүрөт. Келини чачтарач менен акырын сүйлөшүп кайненесинин чачын такыр кылып алып таштайт. Энеси келининен сурайт:
– Келинжан ай, бул не деген прическа?
Анда келини:
“Армияга чакырылган солдат”,- деген көрүнөт.
Күйөөсү командировкадан кайтат. Апасын көрүп:
– Апа, бул не кылганыңыз? – десе, апасы
– “Армияга чакырылган солдат” прическасы, келиниме рахмат,айланайын..чачтарачга апарып жасатып берди,- дейт..
Эртеси күнү күйөөсү аялына:
Төркүнүңө барып келбейсиңби?- дейт, аялы кубанып жөнөп атып күйөөсүнөн сурайт дейт:
– мени качан алып кетесиң?
Анда күйөөсү:
– “Апам армиядан кайтканда!!!”
Ошентсе эртеси күнү кайын журту келинчегин алып келип эшиктин астында турушат дейт. Башы жыпжылтырак, таптакыр:
“Энеси экөө бирге служить этсин, көңүлдүүрөөк болот, -” деп……😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!