Анекдот - кыргызча

Казбачы уулуу УРАНды

Кимге айтсак угат муң зарды?
Карайлап кыргыз куурады
Жашасак мейли жардыраак
Казбачы уулуу УРАНды

Кум-Төрдөн пайда калбады
Булганды дайра суулары
Бул сабак бизге азбы не?
Казбачы уулуу УРАНды

Жети Аке өткөн Көлүбүз
Бейиштей эле төрүбүз
Козгобо жаткан УРАНды
Кашаят кара көзүбүз

Ыйык деп кыргыз санаган
Кир колун көлгө салбаган
Ыйыкка кырсык тийгизбе
УРАНдан пайда калбаган

Кар жатпас кара Кочкорду
УРАНың чыгып козгоду
Урпагым таза болсун дейт
Ууларды ачпай тарт колду

Зыяны каптайт көп түрдүү
Жин шайтан ээлейт бош үйдү
Кенен хан кууса чыкпаган
Сен кууба түмөн кең Чүйдү

Ууланса бизге ким каттайт?
Уу жерге таза чөп чыкпайт
Уулаган бизди атам деп
Урпактар ыйлап зар какшайт
Уулаптыр мени агам деп
Убалы бизди уктатпайт

Нурбек Жумабеков

~~~~~ «Anekdot.Online» – КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ«Anekdot.Club» ~~~~~

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!