Ырлар

Зирек деген кызга

Ырдын пири аталган Азирет, Зирек деген кызга ашык болуп ырдап турган жери:

Каралдым менин Зирегим,
Кабыл кыл Азик тилегин.
Каалооңдун баарын аткарып.
Болойун сенин Шрегиң.

Айланам сенден Зирегим,
Агентке сен деп киремин.
Тупой деп мени ойлобо,
Орусча деле билемин.

Сен үчүн ырлар жазамын,
Сен үчүн иштеп жатамын.
Сүйүүмдү кабыл албасаң.
Ошондо сага капамын.

Ромео должень умереть,
Чындыкты айттым бул ирет.
Джульетам кылып алайын,
Колуңа шакек тагайын.
Духини тандап сен учун,
Дубайга деле барайын.

Шекспирдин томундай,
Ырларды жаздым момундай.
Канча ырды жазсамда.
Класс баспай койдуң, ай.

Конокко күндө киремин,
Киресиң сен да билемин.
Ак калпагым кирдеди,
Жууп берчи Зирегим.

Азиреттин суйуусун ачык айтканына коону чыдабай Зирек минтип жооп берип турган жери:

Каралдым дейсин Азирет,
Чын суйоорун ким билет?!
Фионаны суйгондой,
Болоюн дейсин сен Шрек.
Сен болсон менин Шрегим,
Кызганбайт бекен эшегин
Кундош болуп эшекке мен,
Кундо ыйлабайт бекемин?

Кагылайые Азигим,
Болоюн сенин назигин.
Агентке кундо кирээрин,
Мен деле коруп журомун.
Тупой деп такыр ойлобойм,
Орусчаны билээрин,
Журогум менен сеземин.

Окудум жазган ырларын.
Тогупсун абдан сырларын.
Жообумду жаза албай мен,
Жатып алып ыйладым.
Себеби мындай мен айтсам:
Жооп бербеймин эч сайттан.
Анткени аны кунуго,
Текшерип турат чон апам.

Ромеом болуп сен олбо,
Джульеттан болуп олоорго –
Дарман жок менде, себеби,
Сен олсон тием бироого.

Барбагын деги Дубайга,
Салбагын мени убайга.
Натуральный жытым бар,
Айранга баш жууйм бир айда.
Шекспирдей том жазсан,
Акчаны дагы мол тапсан.
Классты анда нетесин,
Озунду гана мен басам.

Сайттан чыкпай кирдепсин,
Анынды такыр билбепмин.
Калпагын эмес турсийин,
Кошуп жууюн чечкинин.
Жактырсан эми озун бил,
Жообу ушул Зиректин.

Автору: Жыргалбек Aзият

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!