Бирде бир Ата уулду болдуң деп “сүйүнчү” сурап келген адамга, бир кой кармата бериптир.
Кийинкиде кыздуу болдуң деп сүйүнчү келгенде эки койду карматкан экен. Ошондо айланасындагы адамдар:
– “Сен неге уулду болгондо бир койду, а кыздуу болгондо эки койду сүйүнчүгө атадың?-” деп сурашыптыр. Анда атасы:
– “Уулду болгондо сүйүнчүгө бир кой бергеним, уул бала бир элдин гана камын ойлойт, а кыз бала эки элдин да камын ойлойт дегеним, -” деген экен.
Эртең үйдө очоктун берекеси болгон, урпагыбызды улап, эки элдин камын ойлогон ар бирибиздин кыздарыбыз аман болсун!
Ошон үчүн эркектер аялыңарга неге кыз төрөй бересиң деп айтбагыла!!!