Солдат сүйгөн кызынан кат алат. “Мен башка жигит таптым, баягы сүрөтүмдү кайра бер” деген жерин кайра-кайра окуйт. Анан жигит бүт взводдон ургаачы аттуунун болгон сүрөтүн чогултуп, арасына тиги “сүйгөнүнүн” сүрөтүн кошуп туруп, минтип кат жазат: “Нарындан жазган салам катыңды алдым. Сени эстей албай койдум. Бул сүрөттөрдүн арасынан өзүңдү таап ал да, калганын кайра салып жибер”.
