Аралаш темада

Жоогазындын гүлү

3 ДААНАСЫ БИР ҮЙГӨ ТЕТЕ БОЛГОН ЖООГАЗЫН
Жаз келип, жер жаӊыра баштаганда табият ажарына чыгып, жер бетин гүлгө оройт эмеспи. Жайнаган кыздын жамалындай ары сулуу, ары кооз гүлдөрдөн эӊ эрте ойгонгону лилия тибиндеги түбү пияз сымал гүлдөр байчечекей жана жоогазын. Жоогазындар – ажайып кооз, көз жоосун алган ар түркүн түстөгү керемет гүлдөр. Голландиянын жоогазын өскөн талааларынын сүрөтүн көргөн адам сөзсүз «ушул талааларды бир көрсөм, аралай бассам» деп эӊсээри бышык. Бири кызыл, бири сары, көк, сыя көк түстөгү гүлдөр эмнеге голландия жоогазыны аталып калганы жана Кыргызстанга кандай жолдор менен келерин айтып беребиз.

ГОЛЛАНДИЯДАГЫ «ТЮЛЬПАНОМАНИЯ МЕЗГИЛИ»
Австриянын Түркиядагы Охир Гилэн де Бузбек аттуу элчиси алгачкылардан болуп жоогазын гүлүнө көӊүл бурган. Ал Константинополь шаарынан Венага 1560-жылдары жоогазындын бир нече түбүн алып келген. Аны Шарль де Леклюз деген француз ботанигине тапшырып, император Фердинанд Iдин бакчасына тиктирет. Шарль де Леклюз өзүнүн билимдүүлүгү менен атак-даӊкка жетип, латынча Карл Клузиус деген ысым менен тааныла баштайт. Анын даӊкы Голландияга да жетип, ал жактагы атактуу Лейден университети Клузиусту окуу жайдагы ботаникалык бакчага жетекчилик кылууга чакырат.
Карл Клузиус 1593-жылдын октябрь айларында Голландияга жоогазын алып кетет. 1594-жылдын жазында Клузиустун жаӊы бакчасы жоогазындын бир нече түсүн өстүрүп, Голландиянын жоогазын гүлү менен тааныла турган доору башталат. 1625-жылдары жоогазындын сейрек кездешкен түрүнүн 1 түбү 2000 флоринге (салмагы 3,5 граммды түзгөн алтын тыйын) барабар болгон. Ушундан тартып жоогазынга болгон баа, кызыкчылык артып, Амстердам, Роттердам, Харлем, Лейден шаарларынын биржаларында сатуу иштери уюшула баштайт. 1635-жылы ажайып гүлдүн 1 түбүнө болгон баа 5500 флоринге жеткен. 1637-жылы гүлдүн орточо баасы 25 эсеге өсүп, Голландияда бул жылдар аралыгы «тюльпаномания мезгили» деп аталган.

ТҮРКИЯ ЖООГАЗЫНДЫН МЕКЕНИ АТАЛБАЙ КАЛГАН
Голландияда жоогазындын 1 түбүн турмушка узап жаткан кызга оокат, башкача айтканда, сеп сыяктуу кошуп беришкен. Ал эми анын 3 түбүнүн наркы 1 үйгө тете болгон. Гүлдүн көркүнө арбалган Тюлип Брассери аттуу адам өзүнүн киреше булагы болгон сыраканасын 1 түп өзгөчө сорттогу жоогазынга баалап сатып жиберген. Айтып отурса бул гүлгө байланышкан голландиялыктардын кызыктары көп. Жоогазын алгач Түркиядан алынып барылганына карабай ушул күндөргө чейин үлбүрөгөн чөйчөктөй кооз гүлдүн мекени Голландия аталып келет. Түрктөр убагында бул гүлгө маани бербегендиктен жоогазын гүлүнүн мекени аталуудан кол жууп калышкан. Ошентсе да жоогазындын «тюльпан» деген аталыш менен дүйнөгө таанылуусуна түрктөр себепкер. «Тюльпан» сөзү түрктөрдүн кездемеден чалып оролгон «тюрбан» аттуу баш кийиминен келип чыккан. Тюрбандын да формасы жоогазындын ачыла элек желекчелерине окшоп, биринин үстүнө бири катталып турат.
Жоогазындын тамыры кадимки пияз сыяктуу тоголок келет. Учурда жоогазындын дүйнө жүзү боюнча 1800дөй түрү бар. Гүлдү өстүрүүнү каалагандар сабагынан эмес, түбүнөн алып келип өстүрүшү керек.

«ЖООГАЗЫН САЛКЫН АБАНЫ СҮЙӨТ»
Жергебизде көз жоосун алган жоогазындын түркүн түстөрүн көп эле көрүп жүрөбүз. Бишкектеги чакан ишканалардын биринде бир нече гүлдөрдүн түрү менен катар голландия жоогазындары өстүрүлөрүн багбан Вадим Булатов айтып берди:
-Ишканада 15 жылдан бери иштейм. Менин тажрыйбамда жоогазындын бир нече түрүн өстүрүп, арасынан биздин өлкөгө ылайыкташкандарын тандоого үлгүрдүк десем болот. Азыр бул күнөскананын ичинде 7 түрүн отургузганбыз. 8-Мартка карата дагы бир нече жөөктү жоогазынга толтуруп, температурасын тууралап, целлофан менен жаап койдук.
Жоогазын гүлү салкын абаны жактырат. Аны ысык бөлмөнүн температурасында кармайм дегендер жаӊылышат. Биз күнөскананын топурагын алгач 25 градуска чейин жылытып, анан жоогазындын түптөрүн отургузабыз. Өсүп чыккыча топуракты жылуу, абаны да бирдей калыпта кармоо керек. Өскөндөн кийин бул гүл үчүн 8-10 градус жылуулук жетиштүү. Белгилүү сортторун бир гана Голландиядан буйрутма берип алып келишет. Ошондой эле кеӊири жайылган түрлөрү Түркия, Кениядан келет. Бизде буйрутма менен гана өстүрүлөт. Үзүлгөндөн кийин түптөрүн алып калып, сабагын сатуучуларга дүӊ баасында беребиз. Ал эми түбү кайра эле өсүп чыгат, анткени бул көп жылдык өсүмдүк. Отургузгандан кийин 80-90 күндө өсүп чыгат да, гүлүн ачат. Бир гүлдүн дүӊ баасы 70-80 сом.
Аталган ишкана бир эле борбор калаага эмес, жакынкы Тажикстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө да жөнөтөрүн билдик.

«ГҮЛГӨ БОЛГОН БАА ТУРУКТУУ ЭМЕС»
Сапарыбызды борбор калаабыздагы гүл саткан дүкөндөргө уладык. Негизи жоогазын менен бизнес кылгандар киреше булагы тууралуу сыр тутушат өӊдүү. Гүлдөрдүн кайдан келерине кызыгып сураганыбызда атын атабаган сатуучу «жеке ишкерлер атайын күнөсканаларында өстүрүп алып келип беришет. Мындан сырткары чет өлкөдөн ири муздаткычы бар унаалар менен алып келгендер да бар. Ар бир гүлдү 70 сомдун айланасында сатып алып, кардарларга 100-120 сомдон сатабыз. Майрам күндөрү жана жаз айларында баасы жогорулайт. Андыктан гүлгө болгон баа туруктуу эмес» деп билдирди.

«2000 ТҮП САТЫП КЕЛИП, БИРИН ДА ӨЛТҮРБӨЙ ӨСТҮРДҮК»
Ош шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын башкы агроному Жаанбай Турсункулов былтыр эккен жоогазындарынын алгачкы гүлдөрүн алып жаткандыгын айтып ой бөлүштү:
-2014-жылдын октябрь айларында Ош шаардык күнөсканага 2000 түп голландия жоогазындарын алып келип тиктик. Бишкектен бир орус улутундагы аял менен сүйлөшүп, ар бири түптү 30 сомдон баалап 60 000 сомго сатып алганбыз. Алгач октябрь айынын ондорунда желим ящиктерге отургузуп, 6-7 сантиметр кылып ачык асман алдында өстүрдүк. Андан кийин ноябрдын ортосунда, суук түшө баштаганда күнөскананын ичине алып кирип, топуракты жылуулап, ал жакка отургуздук. Жерге жайгашып, көтөрүлүп кеткиче азыктандыруучу каражаттарды, нымдуулук менен жылуулукту камсыздап жаттык. Азыр узундугу 50 сантиметрге жетип, гүлдөрү бажырайып чыгып калды. Голландия жоогазындарынын бизде 9 түрү бар. 30 сомдон алып тиккен гүлдөрүбүздү кардарларга 60 сомдон сатып жатабыз. Буюрса, баштагы 60 000 сом 120 000 сом болуп мамлекеттик казынага түшмөкчү.
Өсүп чыккан гүлүн сабагы менен кыркып алгандан кийин пияз сыяктуу түбүн кайра тигип өстүрсө болот, бирок кийинки жылы да кайра күнөсканага эмес, ачык асман алдында өстүрүү керек. Күндөн азыктанып күчүнө кирген тамырды кайра келерки жылы күнөсканага тигип, 3-4 жыл киреше табууга болот.
Дүкөнгө түшкөн жоогазындын бир даанасы 100 сомдон өйдө сатылат.

Тектеш анекдоттор

Пикир калтыруу

Сиздин email дарегиңиз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы күлкүлүү
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!