Уча

автор Аноним


Жарыяланган 18.08.2020



Нарындык адамдын Таластагы кудаларынан бири каза болуп, Таласка барышат. Антип-минтип отуруп кудаларды тамакка чакырат. Колго суу куйула баштайт. Нарындан келген кудалар колго суу куюп жаткан баладан:
- Я балам, бу силерде «уча» (эн сыйлуу устукан) тартабы? деп сурайт. Бала унчукпайт.
- Суун абдан жакшы экен, силерде уча тартабы- деп кайра сурайт. Бала эки жагын карап унчукпайт.
- Ой бала! Бу силерде уча тартабы дейм?!
- Байке, бизде ОРТ менен КТР эле тартат- деген экен.