АРАЛЫКТЫ САКТАЙЛЫ

автор Аноним


Жарыяланган 05.06.2020



Магазинде кезек күтүп турсам, алдымда турган киши осуруп койду.
Уялбасын деп, укпамышка салып туруп калдым.
Анан ал мага бурулуп:
- Үнду уктуңбу? деди.
- Ооба - дедим.
- Демек аралыкты сактабапсын...
- Аа кечиресиз, дейин десем.
- Жыт келдиби? - деди.
- Ооба.
- Демек маскаң да начар экен.
- Аа... кечиресиз, дейин десем.
- Ушу силерге окшогондордун айынан короновирус жайылып жатат деп урушуп мени уят кылып салды.