Анекдот - кыргызча

Көздүн арманы

Кичинекей болгонума карабай жумушум оор. Күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Бул жүрүштө 40ка чыкпай эле ишке жараксыз болуп каламбы деп корком…
Мен көзмүн. Эгизим бар. Бири-бирибизди көрө элек болсок да, абдан жакынбыз. Ирмелсек чогуу ирмелип, ыйласак бирге ыйлайбыз. Бизди 26 жаштагы Айжамал аттуу сулуу көтөрүп жүрөт. Айжамал кичинекей кезде жашоо жыргал болчу. Көргөнүбүз бак-дарак, жан-жаныбар… Балалыкты эстесем көп сөз, мен силерге бүгүнкү күндөгү арманымды айткым келип турат.
Бүгүн мен химикаттар менен технологиянын курмандыгымын. Таң эрте турган Айжамал мен ачылар замат миллиондогон түстөрү бар, нуру ачуу тийген телефондун экранын карайт. Уйкудан кийин жаңы күнгө көнүү дегенди билбей калганыма он жыл болду. Анан сурмама түрдүү боёкторду чаптайт, мени чукуйт, бүт денем ачышат, кычышат, көрүү деген өз кызматымды аткара албай кыйналам. Кээде компьютерден чарчап, кызарып чыкканымда “Менин майымды коротуп нан таап жеп жатат. Мени деле аяп, кам көрүп койсо…” деп алам. Чынында чарчадым. Компьютер менен телефон дегениңерден чарчадым. Жумулуп уйкуга кетип жатсам да, Айжамал кыйнаганынан айла жок жарым-жартылай ачылып берем.
Мурда боёкторго нааразы болчу элем, азыр андан өткөн кордукту көрүп жатам. Айжамал мага ай сайын эки сантиметрлик жасалма кирпиктерди чаптатып келет. Аны мага жармаштыра турган желим – душманым. Чел кабыгым ачышып, ички катмарым кызарып, сурмамдын териси чоюлуп, катып чүрүшүп-бүрүшүп калат, айласыздан ыйлайм. Анан жаңы чапталган кирпиктерди көтөрүү моюнума жүктөлөт. Айжамал, мага Кудай өзүм көтөрө ала турган гана кирпик бергенин, мага андан ашык жүктү илүүгө болбойт экенин сага кантип түшүндүрөм?
Жасалма кирпиктерден кутулууга аракет кылам, бирок анда өзүмдүн кирпиктерим да түшө баштайт. Өз кирпиктеринен айрылып сулуу болуу керек беле?
Жаш туруп эмнени гана көрбөдүм? Линзанын түрү, боёктун түрү, конъюнктивит сыяктуу түрдүү оорулар… Ооруп калганымда кайра түрдүү ачуу дары-дармектер…
Эми жакында жаңы азапты башымдан өткөргөнү турам. Бир жумадан соң Айжамал сурмамды чыгарам деп теримди кестирет, тиктирет. Башкача айтканда, блефаропластика жасатат. Ал операциядан кийин булчуңдарым жабыркап, мүмкүн көрүүм начарлайттыр, ким билет? Блефаропластика сени азыр сулуу кылса, келечекте зыянын тартасың деп коёр киши жок. Сени Кудай ансыз да сулуу, ансыз да жылдыздуу кылып жараткан. Токто, Айжамал, мени укчу, оюңдан кайтчы. Айтор, ыйлагым келет, ыйлагым…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!