Бир күнү тоодон бир аксакал грузин баласынын колхозуна түшүп келиптир. Алыстан караса эле баласы жатып алып бирде күлөт, бирде ыйлайт. Жакындап келип:
– Ай балам, эмне ыйлап атасың? – деп сураптыр
– Ата, биз партиянын жүн боюнча планын аткара албай калдык, мына эми, өзүмдүн төшүмдөгү жүнүмдү жулуп атам планды аткарыш үчүн!
– Анда эмнеге күлөсүң? – деп сураса
– Хахахаха, армяндар жумурткадан планды аткарбай калышыптыр! – деген экен.
0 735 Время чтения меньше минуты