Аралаш темада

МЕН БАКТЫЛУУМУН

МЕН БАКТЫЛУУМУН, ЖАМАН ЖОЛДОН
КАЙТАРГАН КУЙООМО МИН МЕРТЕБЕ ЫРААЗЫМЫН.

Мен таенемдин колунда чонойдум. Эрке
оз билгенин кылган кыз элем. Бирок
сабактан жакшы окуйт элем. 11-классты
аяктап, эл катары окуу жайга тапшырдым.
Кичинемден эле мугалим болом дей
берчумун. Ата-энем кыйналып турса да
контрагымды толоп, окутуп койушту.
Мына сага жашоо, эркиндик. Каалаганда
сабакка барам, каалаган жагыма басам
дегендей. Кыйратып да окубадым. Баарын
акча м.н бутуром. Жигиттер м.н журо
баштадым. Биринчи курсту буткондо
жайында айылга барсам, ала качып кетти.
Тааныбайм. Апамдар барса озум каалап
келдим жашайм деп айттым. Анткени
мени алысыраак туугандардын баласына
атап коюшкан. Ал жаман жолдо журчу,
коп ичет,ууру эле. Ошолорду ойлоп калып
калгам. Оюмда бир эки ай жашасам
ажырашып кетем деп. Эжем жиндилик
кылды алып келем деп. Аны мен келин
кылышым керек , дарегин бергиле дей
берип уйдогулорду да тажатты. Менин
жашоом башталды. Кантип уруш
чыгарсам экен. Шылтоо жок. Эртен м.н
эшик шыпыртпайт, тамак жасабайм, уй
жыйнабайм. Куйоомо башында эле
айтканмын.
Озу калды деп суйунбо, мен сени м.н
жашабайм. Ашып кетсе бир ай жашайм
деп. Куйоом м.н бир тошокто жатпайт
элем. Аны кайненем билип калыптыр.
Кундо биз жаткан уйдун жанындагы
комнатага жатып алат. Куйоом мени
азырынча сени кыйнабайм качан
конушуп калсан анан жатабыз деп
койгон. Аны кайненем каяктан билсин. Эч
шылтоо таппай акыры эртен м.н эч ким
тура электе качып кеттим. Уйго келип
аркаман келишсе жашабайт экен деп
айткыла дедим да башка шаарга кетип
калдым. Москвага келдим.( кыскартып эле
жазайынчы)
Эми мына жаман жашоом башталды.
Оюмда азыр ойноп куло турган убагым,
каалаганымды кылышым керек деп
ойлодум. Бирге иштегендер м.н кундо
ичем.
12:01 Кыска ачык кийине баштадым.
Иштегеним озумо аран жетет
уйдогулорду ойлоп да койбойм.акча
салбайм. Озбек жигит таптым. Аны м.н
бир жылдай журдум. Боюмда болуп
калды десем ал ошол боюнча качып
келбей койду. Айла жок аборт
кылдырдым. Арадан кундор ото берди.
( мен акмакмын да соо болсом ушул
иштерди кылат белем. Озумду зорго
басып ушуларды жазып атам.
Куноолорумду кеч билдим, ото кеч…)
Иш издеп башка шаарга кеттим. Ал
жактан да жон журбодум. Бир турк м.н
жашап журдум. Андан да боюмда болуп
ага айтпай кайра москвага келдим. Не
кыларымды билбей кр.ге келдим. Бир
гинеколог м.н суйлошсом абортко
болбойт деди. Укол м.н торотуп алабыз
же кесип болуп болуп алабыз дейт.
Себеби 6 айга жакындап калган экен.
(ушул нерселерди жасагыча кудайым
мени ошондо эле жанымды алып койсо
болмок экен. Ушунчалык да мээси
иштебеген кызмынбы деп азыр зорго
жазып атам)
Врачтын уйуно бардым. Мага бир укол
сайды толгоонуку болсо керек да
чынында ошондо эч текени ойлогонум
жок максатым баладан кутулсам болду.
Убал сообу да кызыктырбаптыр. Бир
маалда ичим белим сыздап оорутуп
чыдабай калдым. Эжеге айтсам ваннага
кир толгоо башталды деди. Кирип жатсам
эле бир нерсе шыр этир тушуп калды. Аны
ошол врач м.н дагы бир шериги не
кылышты билбейм. Мен карабадым.
Корбойун деп чыгып кеттим. Ббир маалда
баланы алып кетесинби дейт. Мен аны
каяка алып барам десем 2000 сом бер
анда мен бир чал бар ошого берем
корустонго комуп коет, куран окуп деди.
Мен акчаны бердим да кете бердим.
12:31 Кайра москвага кетип калдым
срочно эле. Уйдо калсам апам билип
калабы деп корктум. Баягы эле кундор
кундо ичмей, жигиттен жигит тандап
журмой. Арадан 5 ж отуптур. Ошо жылдар
ичинде мен эки баланын убалына калдым.
Ар ким м.н журдум. Кыскасы ошентип
ойноп жургон кундордун биринде бизге
айылдан жаны бала келди. Менден уч
жаш кичуу экен. Иштеп журду. Чогуу
иштейбиз. Чогуу тамактанабыз. Айтор
конушуп калдык. Кундор ото берди. Ал
м.н ото ынак болуп кеттик. Бара бара кыз
жигит болуп журо баштадык. Мен ушунча
жашка келгенче бир да жолу суйгон эмес
экенмин. Канча балдар м.н журдум. Эч
кимисин суйгон эмесмин. Мен эми эсиме
келдим. Ал баланын аты Марс эле. Марсты
корбосом туралбайт элем.Ал да мага
байланып калган. Балдар бир жакта
кыздар бир жакта иштейт элек. Ортодо
эшик бар эле ошону ачып койсом мен
аны коруп иштейт элем. Ушунчалык
жашоом озгорду. Мен озумо эми келдим,
бирок кеч эле. Себеби мен озуму анын
тени деп эсептебейм. Мен бир булганган,
куноокор кыз элем. Откон кундорумду коз
алдыман откордум. Неге ошол иштерди
кылдым экен.. Марс мынча мага кеч
жолуктун, балким эртерээк жолуксан мен
ушул иштерге барбайт белем, ким билет.
Мындан ары эми кантип жашайм. Ансыз
жашоомду элестете албай калгам. Кундо
ыйлайм, уктабайм. Ал болсо сага не болду
айтчы не жардам керек дейт. Акыры бир
чечимге келдим. Мен озумду озум
олтуром деп. Балким кылган куноолорумо
озумо озумдун берген жазам ушул болор
деп чечтим. Дагы жакшы сен жолугуп
калгансын Марс. Болбосо мени алдыда
дагы кандай кундор кутуп турат эле
билбейм. Дагы конгон адатым м.н канча
баланын убалына калат элем. Ушуларды
ойлодум. Бир куну ал мага уйлонуу
сунушун киргизди. Апамдар м.н
суйлошойун сен да суйлош деп. Ай
ошондо боздогонум ай неге эми
жолуктун, эми кеч дедим ичимден. Ал
уйлонбогон бойдок и менден уч жаш
кичуу эле. Марска мен сенин тенин
эмесмин булганып бутком деп эч
айталбадым. Кундо даярданам бирок
айталбайм. Биздин суйлошуп
жургонубузду коргон шериктерибиз
шылдындашкан. Душманды алыстан
издебе деп туура айтышкан экен. Мени
м.н бирге жургон ж.а бут былыктарымды
билген досум Марска бут баарын айтып
салыптыр. Ал да ошол иштерди жасаган
досум озун ак корсотуп мени не иш
кылгандарымды бут айтып бериптир.
Марстын ушундай ачуусу келди ушул
нерселер чынбы? Мен озундуе оозундан
угайын деди. Не деймин мен да болгонун
болгондой айтып бердим. Марс мен сага
тен эмесмин. Мен ушундай кызмын эми
кантип уйлонмок элен, дедим. Ал
ушунчалык ыйлады мени кучактап. Мен да
ыйладым. Оюмда баары бутту дедим. Эми
кетет ал мен бул жашоодон кетем дедим
ичимден.
12:48 Ошентип ал уч кун башын которбой
ичти, эчтеке жебейт. Акыры мага карап
жан дейт. Мен баары бир сенсиз жашай
албайм, мен сага уйлоном деди. Мен сени
бактылуу кылам соз берем. Биз бактылуу
жашайбыз деди. Суйунгонумдон буркурап
ыйладым. Кучактап алып кечке ыйладым.
Иштегилер эчтекени тушунбойт. Силерге
эмне болду дешип. Мен ойлонуп Марс мен
озумду сага тен кор албайм мени кечир
балким дагы чыныгы суйууно кезигерсин,
мени кечир!… деп кетип комнатама
кирип оксуп оксуп ыйладым. Себеби
кайсы бир куну турмушубузда ушул эски
менин жашоом жонундо соз козголсо
мен кантип чыдайм деп ойлодум. Аны
Марс да тушунду окшойт. Комнатама
кирип мени кучактап жаным биз
бактылуу болобуз мег эч качан сенин
откон турмушун жонундо соз козгобойм.
Сен да мага жакшы жубай болом деп соз
бер деди. Экообуз ары тартышып, бери
тартышып акыры турмуш курууга макул
болдук. Ал ата энесине болгонун айтты
мурда турмушка чыккан ж.а менден уч
жаш улуу деп. Мен да айттым апама
бойдок менден уч жаш кичуу деп.
Апаларыбыз макул болду. Бир жылдан
кийин уйлондук. Азыр ортобузда
татынакай эки уулум бар. Жашаганыбызга
6жыл болду.Ортодо казан аяк кагышат
дегендей бизде да анча мынча уруш
талаш болуп турат.Бирок Марс бир да
жолу мага сен ушундай кыз элен деп соз
козгободу. Мен бактылуумун куйоом
айткан созун аткарды. Откон кундорумду
такыр эстегим келбейт. Бирок ар кандай
турмуштагы окуяларды окуп мен да оз
башымдан откоргондорду жазып койууну
чечтим.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!