Ташмат мырзанын үйүндө телефон шыңгырап калат. Ташмат мырза бойго жеткен үч чолпондой кыздын атасы. Ал телефондун туткасын көтөрүп жооп бере электе эле жигиттин үнү чыгат:
-Бул сенсиңби, кептерим?
-Жок-дейт анда Ташмат мырза,-бул ошол кептеркананын ээси.