Анекдот - кыргызча

Кыялдар орундалат

Бир периште бир топ жыл чогуу жашаган жубайларга:
– Силер 30 жыл бою урушпай-талашпай таттуу өмүр сүрдүңөр! Ошол үчүн бир-бирден эң мыкты деген кыялдарыңарды орундаймын,- дептир. Анда аялы:
– Менин кыялым сүйгөн жарым менен саякат жасап, бүткүл дүйнөнү көрүү!- дейт экен.
“Кыялың орундалды” дейт периште. Ошол кезде аялдын колуна эки билет пайда болот. Аялынын сөзүн 50 жаштагы күйөөсү бөлөт:
– Токто, токто! Саякат деген жакшы го, бирок, мындай мүмкүндүк күндө бериле бербейт! Кечир, сүйүктүүм, бирок, менин кыялым башкаа, мен өзүмдөн 30 жаш кичүү аялым болсо деп кыялданам!- дептир.
“Кыялдарың орундалды” деп периште, күйөөсүн 80 жаштагы чалга айландырып жибериптир.😃
Так что, эркектер, кээде байкап-байкап кыялданат окшойсуңар го…😂😂😂😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!