• Суроо берип, жообуну айтчы деп.

    Уулу келип, апасына салды кеп.

    Үч сулуунун, сүрөттөрүн көрсөтүп.

    Табыңызчы, - келиниңиз кайсы деп.

     

    Апакеси, карап көрүп жакшылап.

    Этек - жеңин, акырындан каккылап.

    Арасынан, бир сүрөттү көрсөтүп.

    Ушул деди, ал сүрөттөү чапкылап.

     

    Туура чыгып, апасынын айтканы.

    Кыйынсыз э? апаке деп мактады.

    Анан кантип таптың десе, - жөн эле.

    Көргөндө эле, ошонусу жакпады.

     

    Ие балам, туура жооп бердимби?

    Аны көрүп, тиштей калдым эрдимди.

    Өзү дагы, нак ошонун сүрөтү.

    Көргөндө эле, козгоп ийди нервимди.

    автор Таирбек Ерматов.

  • Эрте менен ресторанда той,
    Үйлөнүптүр кочкор менен кой.
    Ичип алып жинди кумурска,
    Төөгө айтып чыкты турмушка.
    Аны уккан төө ойу жок,
    Кумурсканы тепти тумшукка.