• Бала кез ширин кез экен го. Келгиле эстеп балалыкта кылган кулкулуу окуяларды эстейбиз.
    Мен кичинемде синдим экөөбүз кылган кылыгыбызды эстеп дагы да жылмайып алам балким силерге да жылмаюу тартуулар. Анда биз 5-6дагы кез го. Үйдөгүлөр мейман келет деп даярданып жатышкан. Эски үй анан жаны үй деп короодо эки үйүбүз бар. Чондор эски үйдо салат - сулат жасап атышкан. Биз тигил үйдо синдим экөөбүз элек. Ойноп атып боорсокко деп жуурулган камырды көрүп калдык. Ачып ашып ташып атыптыр. Бизге кызык болуп камырды колубуз менен кармалап атканбыз. Бир убакта кел үйдү краскалайбыз деп камыр менен эшик терезелердин баарын аппак кылып сырдап салдык оло чарчап кебетебиздин баары камыр, отуруп калдык. Биз ага чейин үйдү актап сырдап жаны эле ремонт кылганбыз да ошону көрүп эстеп калганбыз деп ойлойм. Жеңемдер келди камырга бышыралы деп оооо ошондогу биздин чырылдап качып жүргөнүбүз. Көрсө камыр катып эшиктерге бекип кургап калыптыр да. Кечинде эл келет деп атышат. Өлө уруш жегенбиз азыр эстеп күлүшөт, биз дагы :-)))

  • 2009-жылы студент болуучубуз. Туралиев Жаныбек деген агайыбыз бар эле. Ал бир күнү ноутбугун көтөрүп келип, өз айылыңарды көргүңөр келеби интернеттен?-деп сурап калды биз жабыла макул болдук. Анан ал ар бирибизден 50 сомдон алып гууглдан көрсөтүп берди.Анан бир Алайкуулук кызыбызга кезек жетип калганда "Алайкуу тоолуу район, аны көруүү кыйын, ага көп акча кетет" деп 150 сом алып көрсөтүп берген. Көрсө, агайбыз бизнес жасаган экен.

    angrysmileylaugh

  • Мен бала чагымда, 4,5 жашымда экен. Бир нерсеге таарынып, ыйлап жатып алсам, апам тур балам, оняка жатып ыйлагын десе, башымды көтөрүп кайерге деп сурап, сооронуп, көрсөткөн жерине акырын барып жатып, анан дальше ыйлачу экенмин...

  • 2-класта окуп жүргөндө үйүбүзгө коноктор келип калды. Аларды жакшылап коноктогондон кийин чондор узатып чыгышты, дагы 6-класста окуган эжем үйдү жыйнаштырып, идиштерди жууй баштады. Бир мезгилде эжем : чанкап кеттим, үйдөн муздак чай куюп келчи деди эле, мен шайтан болсо конок үйдүн ичине кирип, рюмкалардан конъяктын калдыктарын пиалага куюп чыгып эжеме узаттым. Чанкап турган неме түсү чайга окшоп тургандыктан дароо жутуп ийди дагы, көздөрү чекчейе түшүп мени кубалап жөнөдү. Менбашыма кайсы акыл киргенин билбейм, иши кылып тоо таяна качып жөнөдүм. Эжем 100 метрдей кубалап келип: оой өлүгүн көрөйүн, жетсем өлтүрөм деген боюнча кулап түштү. Өз кылган ишим өз башыма жүк болуп эжемди кыйналып-кысталып атып сүйрөп келип жаткызып койгонум эсимде...(Эртеси бирок таяк жегем, андан)...