• Эки тиш чукугуч кетип баратса жанынан кирпи өтүп кетиптир.
    Анда бриөөсү:
    -Э досум автобус каттайт турбайбы бул жерден - дейт имиш

    cheeky

    • Аялы күйөөсүнө таарынып: - Сен үйлөнгөнгө чейин дайыма мени "күнүм" дечүсүң. Эми болсо пивоканадан башың чыкпайт.

      Күйөөсү: - Өзүң деле ойлоп көрсөң, Күндүн жанында ысыйым, анан суусайм...

      smiley

    • Асан мн Үсөн мектепте тесттен өтүшөт. Биринчи асан кирет:

      1-суроо,кыргызстандын биринчи президенти -Акаев

      Кыргызстандын желегинин түсү -кызыл

      Тигил машина неге токтоп турат -бензин жок.

      Баракелде, 5 алып чыгат. Үсөн болсо шаша сурап,кыйын эмеспи эмнелерди сурады дейт, Асан болсо,биринчи Акаев анан кыпкызыл кийин болсо бензин жок дейсин деп түшүндүрөт. Үсөн киргенде эле агайы -демек сенин атын Үсөн, десе жок -Акаев дейт. Сен эмне жиндибсиңби десе -кыпкызыл дейт. Бар жогол чыгып кет десе -бензин жок дептир.

    • Бир кыз студент жигит менен таанышып, экоо жатаканага жигиттин бөлмөсүнө келишет. Бөлмөд колго жасалган кооз килем илинип турат, кыз аны көрүп алып, кызыгып кармалап туруп, жигиттен сурайт:
      - Омийй! ушул килемди ким сокту?
      Жигит:
      - Бул килемди мен сокком, тиги телевизорду Азамат соккон, тээтиги магнитофонду Байыш соккон...

    • Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр.
      - "Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер. Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер"  дегиче болбой,
      аркадан бир окуучу:
      - Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун дейт экенбиз да - дептир

      smiley

    • Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
      Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
      Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн өтүнүшөт. Имам жууганы кирип кетет. Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат. Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
      - Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен. surprise

    • Түрмөдө анегдот айта берип баарын жаттап калышыптыр да, анан номерлеп коюшуптур.
      Тыынч турганда бирөөсү 45! десе баары күлүп калат экен, башкасы 87! десе баары күлүп калат дейт.
      Бир күнү жаны зек келип 120! десе баары жарылып күлүп калышат, четте экөө:
      - эмнеге күлдүң
      - млиин биринчи жолу угуп атам!- дейт экен... laugh

    • Арстан токойдо бара жатса, астынан коён бакырып чыга калат. Арстан чочуп кетет. Жини келип коёнду жакалай калат.

      Коён: - Арстан байке, кандайсыз, сиз күчтүүсүз, сиз жакшысыз... - деп мактап кирет.

      Анда арстан: - Көп былжырабай шымды тазала.. -деген экен.

    • - Эже 12 сомдук нан барбы?

      - Бар.

      - Канчадан? smileysmiley

    • Эки бомж кезигип, бирөөсү экинчисине:
      - Кызымды күйөөгө бердим.
      - И-и! А кызыңдын себине эмне бердиң?
      - Ой, сурабай эле койсоңчу. Жаман банкрот болбодумбу, Гоголь көчөсү менен Советский көчөсүнүн жарымын бердим.