• 4 жаштагы бала бала-бакчадан келгенден кийин журналды барактап отурат. Жаныбарлардын сүрөтүн карап: -Апа эмнеге бардык жаныбарлардын куйругу арт жагында, а меники болсо алдымда laugh

  • Бакиев, Текебаев анан Кулов бир аралга түшүп калышат экен. Үчөө ойлонуп, биз бирге болсок бири-бирибизге аябай тоскоол болобуз, андан көрө ар кимибиз өз башыбызча эле жан багалы деп үчкө бөлүнүп кетишет. Текебаев эртеден кечке издеп жегени эч нерсе таппай ач калат. Анан Бакиевке баргандан көрө Куловко барайын деп анын жанына барат. Барса Кулов Шашлык жеп отурат.
    - Мен да жесем болобу? - деп уурдана сурайт Текебаев
    - Же! - деп корс жооп берет Кулов
    - Мага Бакиев эч эле жакпай жатат - деп сөз баштайт Текебаев
    Кулов жамааааан карап : "Жакпаса жебе" деген экен.

    indecisionindecision

  • -Жардам бериңиз догдур, аялым кыйналып, кусуп атат!

    -Кыйналса сулук курт менен дарыла дебедим беле! жардам бербей атабы?

    -Эптеп-септеп үчтү аран жедирдим, калгандарын жебей атат! 

    smiley

  • Чарчаган ээри кечинде үйүнө кеч кайтат. Аялы айкырып алдынан чыгат: «Кайда жүрдүң мынча кечигип!?»
    - Жаным, акылың бар эмеспи, өзүң эле бир шылтоо таап койчу!

    laugh

  • Эки чукча деңизге барып, морж кармап алат. Моржду башынан сүйрөп алып келе жатышса алдынан бир орус чыгып:
    - Эй, алдыгыны башынан сүйрөбөй куйругунан сүйрөсөңөр женил болот дейт.
    Эки чукча куйругунан сүйрөп көрсө чын эле жеңил болот. Чукчанын бирөөсү экинчисине:
    - Негизи орустар акылдуу болот ээ десе,
    анда экинчиси:
    - Акылдуусу го, акылдуу. Бирок экөөбүз кайра деңизге келип калдык дептир.

  • Кичинекей жаш бала апасына келип
    - Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
    Анда апасы:
    - Бирөө сени менен уктайт, десе
    - Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
    Анда апасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
    Анда баласы:
    - Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
    Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегиңе жет балам, деген экен.

  • Бир күнү тоодон бир аксакал грузин баласынын колхозуна түшүп келиптир. Алыстан караса эле баласы жатып алып бирде күлөт, бирде ыйлайт. Жакындап келип:
    - Ай балам, эмне ыйлап атасың? - деп сураптыр
    - Ата, биз партиянын жүн боюнча планын аткара албай калдык, мына эми, өзүмдүн төшүмдөгү жүнүмдү жулуп атам планды аткарыш үчүн!
    - Анда эмнеге күлөсүң? - деп сураса
    - Хахахаха, армяндар жумурткадан планды аткарбай калышыптыр! - деген экен.

     laugh

  • Бир киши кышында суунун жээги менен келе жатса чукча тону менен эле суунун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө,берки өйүздөн аркысына кыйналып-кысталып сүзүп өтүп жатыптыр.
    - Э,чукча,эмне кылып жатасын?!
    - Тонумду жууп жатам
    - Аны кир жуугуч машинага эле салбайсыңбы?
    - Аякта башым айланат да, дептир

    wink

  • Айылда бир бала,түн ичинде өзүнүн кызын свиданияга чакырат.Там башыга кыз чыгат, экоо сүйлөшүп олтурса атасы чыгып калат. Атасы "эмне кылып атасын" десе. Кыз айтат -Эч кимге айта албаган сырымды айга айтып олтурам, -десе. Атасы -Айыңа айтып кой эшеги дарбазадан кирип кетиптир.

  • Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр.
    - "Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер. Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер"  дегиче болбой,
    аркадан бир окуучу:
    - Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун дейт экенбиз да - дептир

    smiley