• Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
    толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
    деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды кантип тааный койдун? деген экен

  • Бир күнү чымчык менен карга бир талга конуп алышып, сүйлөшүп калышыптыр. Карга чымчыктан сурайт:

    - Эй сен кимсин?

    -Бүркүт!

    -Анда эмнеге кичинекейсин?

    - жети айлыкмын да..

    Кайра чымчык сурайт:-А өзүң кимсин?

    -мен аккуумун!

    -Анда неге капкарасың?

    - Азырынча шахтада иштейм да 

    wink

  • Апендинин бала чагы.
    Ал мектептен келгенде тумагы ылай болуп калганын көргөн апасы:
    - Айт, эмне болду?
    - Балдар тумагымды алып футбол тобу кылып ойношту.
    - Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксуңбу?
    - Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум

    smiley

  • Бир аксакал чачтарачка келип отурат. Парикмахер ага:
    - Эй аксакал бул эмне деген моюн?
    - Ээ балам бул казы карта чучук май жеген моюн....
    - Эй аксакал бул эмне деген моюн?
    - Эээ балам бул жакшылыкты да жамандыкты та коргон моюн....
    - Эй аксакал балакет моюн болсо да жууш керек да......

    blush

  • Жиндиканда доктур бир оорулууну айыккан айыкпаганын текшерейин деп суроо берип көрөт экен:
    Доктур- эгерде сенин бир кулагыңды кесип салсам эмне болот?
    Бейтап- анда бир кулагым укпай калатда!
    Доктур- аа жакшы жакшы дурус, мээң иштейт экен. А эгер эки кулагыңды тең кесип салсам эмне болот?
    Бейтап- анда эки көзүм көрбөй калат да!
    Доктур- апей а эмнеге?
    Бейтап- эгер эки кулагымды кесип салсаңыз көз айнегим түшүп калатда!-деген экен  coollaughsmiley

  • Эшек курсагын тойгузайын деп тоо тарапка кетип баратса, алдынан кумурска чыгат.

    Эшек: -Кумурска, тоо тарапта чөп бар бекен?

    - Досум, кам санабай бара бер, чөп деген тим эле белден экен...

    frown

  • Арбактар тозоктун алдында турат.
    Бирин кир деп түртүп жатса, ал Аллага айтат экен
    "Жараткан, мен өмүр бою тажаал аял менен жашадым, жок дегенде өлгөндө жыргалчылык көрөйүнчү" - деп.
    Алла аны "Мейли, тирүүңдө бак бербесем, бул жерден тынч жаша."
    Аны көрүп турган артындагысы Аллага "Жараткан, мен бир эмес, эки тажаал аял менен жашадым, өлгөндө жок дегенде тынайын" - десе.
    "Эки тажаал аял менен жашасан, сага тозок беиш эле корунуп калат"

    laugh

  • Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
    Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
    Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн өтүнүшөт. Имам жууганы кирип кетет. Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат. Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
    - Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен. surprise

  • Жигит сүйгөнүнө:
    -Кымбаттуум, сага жаңы жылга эмне белек берейин?
    Анда кыз жетине албай:
    -Ай, өзүм да билбей турам...
    жигит:
    -Жакшы экен, ойлонгонго дагы 1 жыл убакыт берейин анда...wink

  • - Ким экениңди айтсаң, мен сага досуң ким экенин айтам.
    - Мен миллиардермин.
    - Сенин досуң - менмин laugh