• Бир аскер батинкесин граната менен кагып атат дейт. Анда бир офицер:
    -Эй, акмак, тиги граната жарылып кетсе эмне кыласың?!
    Аскер:-Менде дагы бирөө бар - деп экинчи гранатаны көтөрүп чыгат.

  • - Алдагы галстук 80 сом дейсиңби? Ага андан көрө эки туфли алган жакшы эмеспи.

    -Аның туура дечи, бирок галстуктун ордуна эки жуп туфлини мойнуңа салпактатып асып алсаң эл эмне дейт?! smiley

  • -Кечирим сурайм, айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум.

    -Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган.

    -Анда эң эле сонун болуптур, айым : сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды!...

    laughcheeky

  • 4 жаштагы бала бала-бакчадан келгенден кийин журналды барактап отурат. Жаныбарлардын сүрөтүн карап: -Апа эмнеге бардык жаныбарлардын куйругу арт жагында, а меники болсо алдымда laugh

  • Кичинекей жаш бала апасына келип
    - Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
    Анда апасы:
    - Бирөө сени менен уктайт, десе
    - Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
    Анда апасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
    Анда баласы:
    - Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
    Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегиңе жет балам, деген экен.

  • Бир күн крутой короз уйга келип -Эгер сен 2 чака сүт бербесен сени сойот экен, дейт. Эмне кылаарын билбей уй бечара чөптөн көөп жеп, кечинде 2 челек сүт берет экен. Ээси таң калып, көз тийбесин деп, кан чыгарып корозду союптур..

  • Адахан Мадумаров спикер кезинде, парламентте отуруп чүчкүрүп калат. Таблого: "Ден соолукта болуңуз" деп жазылат.
    - Каршы 96%

    smiley

  • Кара-суулук эки дос машинасында баратып зээриккенден адырда оттоп жүргөн эшекти көрө калып

    -досум аяш бул жакта жүрөт го,

    десе досу айтып койот

    - аяшыңдын куйругу узунураак болчуу cheekysmiley

  • Коён интернет клубда ватсапта олтурат экен, Анан карышкырга: сени кармаган жерде өлтүрөм деп жазат экен . Аны жанында олтурган түлкү көрүп калып, ''не өлгүң келдиби коён'' десе, коён ''коркбой эле кой, мен аюунун телефону менен жазып атам'' дептир .

  • Түндѳ күйѳѳсүнүн кыйкырыгынан чочуп ойгонгон аялы:
    -Эмне кыйкырып жатасың?
    -Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын, дептир

    smileylaughwink