• Жигит кыз менен таанышып бир аз жүргөндөн кийин жигит айтат:
    - Алтыным, билесиңби? Мен сени Ева деп атап жүрөм.
    - Эмне үчүн? - деп кыз сураса.
    - Себеби сен менин бирден бир айымсың. Адам атанын Евасындай.
    - Анда эмесе мен сени Боинг деп атап жүрөм.
    - Эмнеге?
    - Эмне үчүн дегенде сен менин 747чисиң. surprise

  • Баласын садиктен ким алып келсин деп талашып жатышат. Куйоосу:


    -Мен сага шуба белек кылдымбы?
    -Ооба,
    -Өтүк белек кылдымбы?
    -Ооба.
    -Мына эми сен баргын.
    -А эмне сен барсаң болбойбу?
    -Эмне байпак менен адеколон себинип алыппы. 

  • -Жардам бериңиз догдур, аялым кыйналып, кусуп атат!

    -Кыйналса сулук курт менен дарыла дебедим беле! жардам бербей атабы?

    -Эптеп-септеп үчтү аран жедирдим, калгандарын жебей атат! 

    smiley

  • Кичинекей жаш бала апасына келип
    - Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
    Анда апасы:
    - Бирөө сени менен уктайт, десе
    - Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
    Анда апасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
    Анда баласы:
    - Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
    Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегиңе жет балам, деген экен.

  • Апасы баласын тамактандырып жатат. Баласы:- а эмнеге атамдын башында чачы жок, көчөдө балдар "сенин атан таз, лысый башка" деп мыскылдашат.,- десе, апасы: - Сенин атан абдан акылдуу, адамдын башы канчалык жакшы иштесе, ошончолук чачы жок болот, уктунбу балам, дептир.

    Анда баласы:

    - Анда сенин чачын көөп, узуун го,-дегиче болбой апасы:

    - жап оозуңду, көп сүйлөбөй тамагынды же ... 

  • Бир адам кудайга барып сурайт:
    -Кудайым сен үчүн 1000 жыл канча убакыт?
    -Ал мен үчүн бир секунд.
    -А 5 миң доллар сен үчүн канча?
    -Ал бир тыйында.
    -Анда мага бир тыйын берчи.
    -Макул, бир секунд күтө тур. smiley

  • Эки жаңы кыргыздын аялдары сүйлөшүп отурушат:
    -Билесинби мурун кыргыздын аялдары күйөөлөрүн үйлөнүү тоюуна чейин көрүшпөчү экен.
    Анда экинчиси:
    - Чын эле, а биз тескерисинче үйлөнгөндөн бери күйөөбүздү көрө элекбиз.

  • Автобуста уктап бара жаткан кыз,капысынан осуруп кетип ойгонуп кетет экен. Кайра уктап кетип эле осуруп койот экен, анан жанындагы киши айтат экен

    -эээ кызым сенин тээриң жетишпейт окшойт аа, көзүң жумулса көтүң ачылат ,көтүң жумулса көзүң ачылат бул эмнең я - деген экен.

    laughlaugh

  • -Кече сүйлөшкөн кызымын ата энеси менен тааныштым.

    -Кандай болду?

    -Мени өз баласындай эле көрүштү. Атасы керек болсо чыбык менен сабап үйүдөн кууп чыкты .

  • Амиии десе тиги баланы карачы өлө ыстрашный го???
    - Эмнееее..?? Ал менин кызым!!!....
    - Апеей десе кечирип коюңуз, сиз анын атасы белеңиз? Мен билбептирмин...
    - Ук! өлүгүңдү көрөйүн десе!!! Мен деген анын апасымын!!!

    wink