• Катуу келаткан машинаны маичи тосуп калат.
    - Кызылды карабай өттүңүз. Ылдамдык да жогору экенин да радар көрсөтүп турат. Ичкенсиз го. Үйлөңүзчү.
    Айдоочу үйлөйт. - Мына айтпадым беле, ичипсиз.
    - Коюңузчу, ичкен жокмун. Аппаратыңыз жаңылып жатат. Аялым да үйлөп көрсүн.
    - Мына сиз да, аялыңыз да ичкен турбайсыздарбы?
    - Эми балам үйлөп көрсүн - деп он жашар уулун чакырат. Аппарат аны да ичкен деп көрсөтөт.
    - М-м-м. Кечиресиз. Кете берсеңиз болот, - дейт оңтойсузданган маичи. Алардан узагандан кийин күйөөсү аялына:
    - Айтпадым беле, балага аз-маз ичирип койсо, зыяны болбойт деп...

  • Бир кыз студент жигит менен таанышып, экөө жатаканага жигиттин бөлмөсүнө келишет. Бөлмөдө колго жасалган кооз килем илинип турат, кыз аны көрүп алып, кызыгып кармалап туруп, жигиттен сурайт:
    - Омийй! ушул килемди ким сокту?
    Жигит:
    - Бул килемди мен сокком, тиги телевизорду Азамат соккон, тээтиги магнитофонду Байыш соккон...

    wink

  • Апендиден бирөө сураптыр:
    -Бу сенин сакалың эмне үчүн кара,чачын эмне үчүн ак?
    -Сакалым чачыман он беш жаш кичүү, ошол үчүн да...-дептир

    devilsmiley

  • Япониялыктар ууру кармай турган робот чыгарышыптыр. Ал роботту Россияга алып келет, 1 саатта 100 ууру кармайт. Францияга алып барат, 1 саатта 200 ууру кармайт. Кыргызстангага алып келет 5 минутанын ичинде роботту уурдап кетишиптир! cheeky

  • Оорукана.Коридор.
    -Доктор биз кайда бартабыз?
    -Моргко!
    -Мен тирүүмүн да.........
    -А биз жетелекбиз да....

    smileysmiley

  • Атасы менен баласы оюн ойноп отурушат экен. Анда баласы:

    - Ата, мен канча жаштан баштап үйгө каалаган убакта келе алам? -десе

    Атасы: -Билбейм балам ал жашка мен деле чыга элекмин. - дейт имиш.

  • Калк айтса калп айтпайт
    Элдик байкоодон. Эгерде сууга ыргыткан таштан тегерек толкун тарабаса, демек кыштын келгени ошол.

  • Бир аксакал чачтарачка келип отурат. Парикмахер ага:
    - Эй аксакал бул эмне деген моюн?
    - Ээ балам бул казы карта чучук май жеген моюн....
    - Эй аксакал бул эмне деген моюн?
    - Эээ балам бул жакшылыкты да жамандыкты та коргон моюн....
    - Эй аксакал балакет моюн болсо да жууш керек да......

    blush

  • Апенди бир жактан үйүнө келсе.. Үйүндө бир чоочун адам отурган болот. Апенди: -сен кимсин деп сураса? -Мен кудайдын жээни болом дейт экен! Апенди тигил адамды мечитке ээрчитип барып -мына тай акеңдин үйү деп коёт экен.

    smileylaugh

  • - Эже 12 сомдук нан барбы?

    - Бар.

    - Канчадан? smileysmiley