Аралаш темада

АТАМА АЙТЫП КОЙБОНУЗ

~АТАМА АЙТЫП КОЙБОНУЗ.~

Алар аябай бактылуу уй-було эле. Бирок бир куну апасы
оорунун айынан суйуктуу жарын жана уч жашка толгон
мээримдуу кызын таштап, бул дуйно менен коштошот.
Кызы кун сайын атасынан “Апам качан келет?”-деп
сурай берет.. Атасы:” Кызым апан алыста иштеп журот,
апан бир куну келет” -деп кызын дайыма жоошутуп коет.
Ошентип журуп кызы алты жашка чыккан жылы, атасы
мээримдуу аял менен таанышат. Бир куну атасы кызына:
“Кызым апанды жузун унуткан жоксунбу” -деп сурайт..
Кызы копко ойлонуп, унсуз гана башын чайкады. Дал
ошол мезгилде эшик ачылып, мээримдуу аял кирип
кызын атынан чакырды. Унсуз гана тиктеп турган
кызына атасы:” Кызым апанды тааныдынбы? Тез “Апа”
деп чакыра гой.. Кызы акырын гана барып апасынын
мойнуна асылып кучактады.. Кечки тамак ичилип буткон
сон, апасы кызынын артынан илешип болмосуно кирди.
Экоо конулдуу суйлошуп отурганда кыз: ” Сиз менин апам
эмессиз?” Акырын колунан кармап, жай ун менен:
“Менин апам олуп калган ал эми келбейт” Чон атам чон
энем, мен учообуз эле билебиз. Атам билбейт. Атам
апамдын кайтыш болгонун билсе, азаптан кыйналат,
атам апамды кун сайын сагынат. Апамдын олгонун
билсе, апамдын жанына кетип калат” “Атама айтып
койбонуз, бул экообуздун сырыбыз болсун”-деп апасын
жалдырай карады.. Бул убакта эшиктин сыртында турган
атанын козунон жаш куюлуп жаткан эле..

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!