• Профессор студенттен экзамен алып жатат:
    - Сиз деги экзамен эмне экенин билесизби?
    - Экзамен деген эки акылдуу кишинин сабак тууралуу аңгемелешүүсү, - дейт студент.
    - Кокус, экөөнүн бирөөсү акылсыз болуп чыксачы?
    - Демек, экинчиси стипендиядан айрылат дей бер.

  • Катуу келаткан машинаны маичи тосуп калат.
    - Кызылды карабай өттүңүз. Ылдамдык да жогору экенин да радар көрсөтүп турат. Ичкенсиз го. Үйлөңүзчү.
    Айдоочу үйлөйт. - Мына айтпадым беле, ичипсиз.
    - Коюңузчу, ичкен жокмун. Аппаратыңыз жаңылып жатат. Аялым да үйлөп көрсүн.
    - Мына сиз да, аялыңыз да ичкен турбайсыздарбы?
    - Эми балам үйлөп көрсүн - деп он жашар уулун чакырат. Аппарат аны да ичкен деп көрсөтөт.
    - М-м-м. Кечиресиз. Кете берсеңиз болот, - дейт оңтойсузданган маичи. Алардан узагандан кийин күйөөсү аялына:
    - Айтпадым беле, балага аз-маз ичирип койсо, зыяны болбойт деп...

  • Эки студент сессиянын алдында:
    - Эмне деген китеп окуп атасын?
    - Квантовая механика.
    - А эмнеге китепти тескери кармап алгансын?
    - Айырмасы жок.

  • Кыз жигит кафеде:
    Жигит: - Эмне жейсин?
    Кыз болсо уялып унчукпайт.
    Жигит: - Эмне жейсин? Жок дегенде биринчи тамгасын айтчы.
    Кыз: - "Б"
    Ж: Бифштекс, Быстроган, Б...
    Кыз болсо унчукпайт, дагы деле отурат.
    Жигит: - Мейли анда эмесе өзүн айтчы.
    Кыз: - Бечени
    Жигит тамагын жеп бүтөт, кыз болсо Беченисин жеп бүтөт да анан жигит дагы кыздан: - эмне жейсин деп сурайт?
    Кыз: "Д"
    Ж: - Дарбыз, Д...
    жигит Д тамгасынан башталган баардык тамакттарды айтат кыздан, жооп чыкпайт.
    Ж: - Анда эмесе өзүн айтчы?
    К: - "Д"агы Бечени

    • Бир жигит сүйлөшкөон кызын үйүнө ээрчитип келет, үйдөгүлөрү менен тааныштырганы. Кыз үйгө кирип, баланын атасы менен учурашып, энкейип бутун чечип атып осуруп ийет экен кыз. Эмне дешин билбей “апий люстранар жакшы экен”- десе баланын атасы: “бул эчтеке эмес төркү үйдүкүн көрсөн чычып ийесинго”- дептир 

    • Экоо суйлошуп баратышат:
      -Менин бир досум биринчи аялын алганда күндүзү таанышып, кечинде үйлөнүп, эртең менен ажырашып кеткен болчу.
      -Анын эмнесине таң каласын, адам деген кечиндегиге караганда эртең менен акылдуурак болот.

    • Бир аскер батинкесин граната менен кагып атат дейт. Анда бир офицер:
      -Эй, акмак, тиги граната жарылып кетсе эмне кыласың?!
      Аскер:-Менде дагы бирөө бар - деп экинчи гранатаны көтөрүп чыгат.

    • Эки жаңы кыргыздын аялдары сүйлөшүп отурушат:
      -Билесинби мурун кыргыздын аялдары күйөөлөрүн үйлөнүү тоюуна чейин көрүшпөчү экен.
      Анда экинчиси:
      - Чын эле, а биз тескерисинче үйлөнгөндөн бери күйөөбүздү көрө элекбиз.

    • Арбактар тозоктун алдында турат.
      Бирин кир деп түртүп жатса, ал Аллага айтат экен
      "Жараткан, мен өмүр бою тажаал аял менен жашадым, жок дегенде өлгөндө жыргалчылык көрөйүнчү" - деп.
      Алла аны "Мейли, тирүүңдө бак бербесем, бул жерден тынч жаша."
      Аны көрүп турган артындагысы Аллага "Жараткан, мен бир эмес, эки тажаал аял менен жашадым, өлгөндө жок дегенде тынайын" - десе.
      "Эки тажаал аял менен жашасан, сага тозок беиш эле корунуп калат"

      laugh

    • Бир кыз студент жигит менен таанышып, экөө жатаканага жигиттин бөлмөсүнө келишет. Бөлмөдө колго жасалган кооз килем илинип турат, кыз аны көрүп алып, кызыгып кармалап туруп, жигиттен сурайт:
      - Омийй! ушул килемди ким сокту?
      Жигит:
      - Бул килемди мен сокком, тиги телевизорду Азамат соккон, тээтиги магнитофонду Байыш соккон...

      wink