Анекдот - кыргызча

колго түшкөн немистер

Бир тойдо тамада:
– “Агайын-туугандар, мынакей, алдынарга аш койдук, эки колду бош койдук. Эт этке, шорпо бетке, конфет печеньени көк пакетке дегендей майрамдык маанайда отурунуздар.Кезинде биздин аталарыбыз, немистерди кандай кырса, дал ошондой кырып жеп отуруңуздар.” дебейби.Антип минтип той аяктайт. Бир кемпир эки көк пакетти тарсайта толтуруп алып чыгып баратат дейт.Тамада байкап калып, тамашалап:
– “Ой апа, бул эмне?”- деп пакетин көрсөтсө,Кемпир кебелбей туруп:
– “Аа, балам, булар колго түшкөн немистер да”-деген экен😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!