Ырлар

NОКIАнын көз жашы

Башынан айтып берем окуясын,
Бактысыз Х2 нокианын.
Баркын билбегендер түшүнүшөөр,
Боор ооруп ушул ырды окуганын.

Эмгиче көзү болсо ыйламактыр,
Жаны жок ошол үчүн ыйлабаптыр.
Эринип кийгизбей эч чехолун бир,
Эч ким аны менчелик кыйнабастыр.

Оюнун таңдан кечке аткыладым,
Баскычын тындырбастан баскыладым.
Бул неге жакшы угулбай калды экен деп.
Капталын бычак менен ачкыладым.

Флешканы капталына тыгып койгом,
Ал деле жүрөт байкуш вирус бойдон.
Сандардын өңдөрү бүт өчүп кетип.
Айырмасы калбай калган котур койдон.

Тамтык жок чийгиленген анын бети,
Болбосо жакшы эле иштейт интернети.
Күнүгө джинсы шымда жүрө берип.
Таанылбай калган анын өң-келебети.

Контактарын келтирип порядкага,
Кечинде сайып коём зарядкага.
Борсоюп шишип кеткен батереясы.
Баары бир толбой калат заряд ага.

Башынан шордуу болду бешенеси.
Эчак кетпей калган смси.
Колумдан канча ирээт тץшсо дагы.
Иштебей кала элек эч эмеси.

Автору: Алтынбек Эгембердиев

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!