Анекдот - кыргызча

Эки жарым бир бүтүн

Эки жарым, бир бүтүн!
– Сенин Чочкодой болгон кыялың
болбогондо,
Мышыкча тытышпай Иттей сонун
жашамак элек го.
– Ошону айтсаң сайраган
Сагызканым.
Сенин Жылаандыкындай уу
тилиңди, Аттай эле көтөрүп
келатам аны түшүнбөйсүң э.
– Оой тим эле, Түлкүчө
арамзаланбачы, сен Эшекче
тебингенде Коёндой коркуп тим
болом го.
– Ташбакадай кыбырап жүрсөң,
Эшекче тебемда.
– Кааргача какылдасамда, Аккуудай
көрүп койсоң эмне
болосуң? Арстанча атырылбай.
– Булбулум менин, Маймылдай
болгон күйөөңдү кечирип
койчу.
– Мени дагы кечирчи Бегемотум
менин. Келчи Тоокчо
чукушпай жашайлы.
– Макул Көгүчкөнүм.
Ишенесиңби мындан кийин
Чиркейче чаксаң дагы Уйча
чыдап, Кумурскадай иштеп багам
сени.
– Билесиңби Бүркүтүм, Кунаажын
дружба жибербесе Бука
довавит этпейт дегенди. Анын
сыңарындай Чупакабрача
канымды ичпесең, сени Аарыча
чакпайм.
– Анда келиштик Адам болгондон
кийин Адамча жашап
өтөлү э жаным!!!:))

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!