Анекдот - кыргызча

Mени бүркүт деп коёт

Түндө күйөөсү үйгө келбей калат.
– Каякта жүрөсүң?! – деп буркан-шаркан түшкөн аялына,
– Mени деген бүркүт деп коёт, каякка учам, каякка коном, өзүм билем – деп кыйынсынат.
Эртеси “мына эмесе!” деп туруп, аялы келбей коёт.
Анда күйөөсүнүн
– каякта жүрөсүң?! – деп ызырынганына,
– мени деген чычкан деп коёт. Мени кайсы бүркүт качан, кайсы убакта кое берсе, ошондо келем – дептир.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!