Окуялар

Кошуналардан кабар алып

Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы:
– “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт.
Апасы:
– “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет.

Бул – алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу…

Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот…

Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!