• Шаардык бала менен айылдык кыз кафеге кирип калышат экен.
    Бала официантканы чакырып:
    - Меню берип коюңузчу, деп айтып
    анан кызга:
    - Сен эмне жейсиң? десе
    кыз:
    - Мен деле меню жей берейинчи, дептир.

    laugh

  • Жигит менен кыз сейилдеп жүрүп, көпкө унчукпай калышыптыр. Бир убакта, кыз жигитине:

    - Эмнени ойлонуп жатасың? -десе, жигит:
    - Сен ойлоп жатканды. -дейт экен. Кыз:
    - Ай, уятың жок немесиңго! -дептир smiley

  • Жигит сүйгөнүнө:
    -Кымбаттуум, сага жаңы жылга эмне белек берейин?
    Анда кыз жетине албай:
    -Ай, өзүм да билбей турам...
    жигит:
    -Жакшы экен, ойлонгонго дагы 1 жыл убакыт берейин анда...wink

  • Кыз менен бала жолугушууда отурушат:
    - Уух. үшүп кеттим аябай.
    Бала унчукпай отура берет.
    Кыз:
    -Мен үшүгөндө чоң апам мени кучактап жылытып отурчу эле.
    бала:
    - Эми мен түн жарымда чон апанды кайдан табайын

    laughsmileybroken heart

  • Жигит кыз менен таанышып бир аз жүргөндөн кийин жигит айтат:
    - Алтыным, билесиңби? Мен сени Ева деп атап жүрөм.
    - Эмне үчүн? - деп кыз сураса.
    - Себеби сен менин бирден бир айымсың. Адам атанын Евасындай.
    - Анда эмесе мен сени Боинг деп атап жүрөм.
    - Эмнеге?
    - Эмне үчүн дегенде сен менин 747чисиң. surprise

  • Сот иши 3 күндөн кийин улантылат!
    Ошондо жабырлануучу ,, кылмышкер акталып кетет чамасы, мен уткузуп койбоюн'' деп, сотко барып 40 мин карматып ''менин пайдама чечип бер'' дейт экен. Сот да макул болот.....
    3 күн өтүп сот журуп жатат, кылмышкер актала тургандай көрүнүп калды..., ошондо баягы жабырлануучу ачууланып,
    '' Урматту судья КЫРКА-КЫРКА сүйлөсөңүз'' деп тик секирет экен, анда судья болсо
    ''ЖYЗY ыссык экен да ЖYЗY ыссык экен'' деп жооп бериптир.

    smiley

  • - "Депутат менен бөбөктөрдүн жалаягы окшош"- дейт чынбы?
    - "Чын, себеби: Экоону тең тез-тез алмаштырыш керек, болгондо да 1 эле себеп менен!

    laugh

  • Арак бечара өлүп калып, тажиясы болуп жатат. Вино ,пиво ,коньяк ,шампанский болуп келишип, сен биринчи кир деп ,пивону арака жакынсынго десе, коньяк сен кирчи деп. Эч ким кирбей турса арканкы эшиктен бирөө бакырып ыйлап кирип кетет экен. Ким ал ким деп сураштырса самогон кирип кеткен экен smiley

  • Кара-суулук эки дос машинасында баратып зээриккенден адырда оттоп жүргөн эшекти көрө калып

    -досум аяш бул жакта жүрөт го,

    десе досу айтып койот

    - аяшыңдын куйругу узунураак болчуу cheekysmiley

  • Премьер-министр Өмүрбек Бабанов аптекага кирет.
    --Чоң кыз, мага ач көздүктүн дарысын берип коёсузбу?
    --Канчаны берейин, Өмүрбек Токтогулович?
    --Болушунча көбүрөөк, болушунча көбүрөөөөөөөөөк!!! smiley