• Магазинде кезек күтүп турсам, алдымда турган киши осуруп койду.
    Уялбасын деп, укпамышка салып туруп калдым.
    Анан ал мага бурулуп:
    - Үнду уктуңбу? деди.
    - Ооба - дедим.
    - Демек аралыкты сактабапсын...
    - Аа кечиресиз, дейин десем.
    - Жыт келдиби? - деди.
    - Ооба.
    - Демек маскаң да начар экен.
    - Аа... кечиресиз, дейин десем.
    - Ушу силерге окшогондордун айынан короновирус жайылып жатат деп урушуп мени уят кылып салды.

  • Гезиттеги кулактандыруу: Машинеси бар, жаш, келбеттүү жигит менен таанышам.
    Бир жумадан кийин ошол эле гезитте: жаш болбосо деле боло берет.
    Арадан бир жума өтүп: келбеттүү болбосо деле боло берет.
    Дагы бир жумадан кийин: Жигити жок.. .машиненин өзү болсо деле боло берет.

  • Айылда бир бала,түн ичинде өзүнүн кызын свиданияга чакырат.Там башыга кыз чыгат, экоо сүйлөшүп олтурса атасы чыгып калат. Атасы "эмне кылып атасын" десе. Кыз айтат -Эч кимге айта албаган сырымды айга айтып олтурам, -десе. Атасы -Айыңа айтып кой эшеги дарбазадан кирип кетиптир.

  • Атасы менен баласы оюн ойноп отурушат экен. Анда баласы:

    - Ата, мен канча жаштан баштап үйгө каалаган убакта келе алам? -десе

    Атасы: -Билбейм балам ал жашка мен деле чыга элекмин. - дейт имиш.

  • Сууга чөгүп бараткан бирөө кыйкырып атат: -Жардамга! Помогите! Help me! ...

    Жээкте турган бирөө: -Ошончо тилди үйрөнгөнчө сууда сүзгөндү үйрөнбөйт белең

  • -Кече сүйлөшкөн кызымын ата энеси менен тааныштым.

    -Кандай болду?

    -Мени өз баласындай эле көрүштү. Атасы керек болсо чыбык менен сабап үйүдөн кууп чыкты .

  • Аялы:

    -Жаным экөөбүздүн баш кошконубузга он жыл болуптур, бир кой союп белгилебейлиби?

    Күйөөсү:

    -Койдо эмне күнөө? Экөөбүздү тааныштырган Батманы союш керек!

  • Бир күн крутой короз уйга келип -Эгер сен 2 чака сүт бербесен сени сойот экен, дейт. Эмне кылаарын билбей уй бечара чөптөн көөп жеп, кечинде 2 челек сүт берет экен. Ээси таң калып, көз тийбесин деп, кан чыгарып корозду союптур..

  • -Жашоодо көп нерсеге жетишкиң келсе, сага бир кеңеш айтайынбы?

    -Айтыңыз, кандай кеңеш?

    -Ар кимдин кеңешин уга бербе..

  • Эки бүргө ресторандан чыгыптыр. Бирөө айтат дейт: "Кана, жөө эле кете берелиби, же итти кутөлүбү?"