• Апенди ооруканада өзүнө келбей араң жаткан жеринен башында карап турган аялына карап...
    - Айланайын кемпирим, деп жобураганда аялы жакшы үмүт менен мени мактайт ко деп, кулак салса...
    - Каап авто кырсыка учураган кезимде да жанымда болчу элең, банкрот болгон кезимде да жанымда болчу элең, токмок жеген кезимде да жанымда болчусун, теги эле кара мышыгы бар аял турбайсынбы сен дептир...

  • Коридордо бир окуучу чуркап бакырып баратат...
    --Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп.
    Астынан директор тосуп чыгат экен да сурайт:
    -Эмне болду сага? Эмне сабак учурунда эшикте журосун?
    -Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп дагы бакырат экен окуучу.
    Директор жини келип,
    -Айт сага эмне болду?-деп дагы бир сыйра сурайт экен.
    Анда окуучу:
    -Мен класта осуруп алдым. Мени мугалим кууп чыкты да өздөрү жытташ учун чыкпай коюшту.
    Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп кайра бакырган бойдон кеткен экен.

  • Жигит менен кыз сейилдеп жүрүп, көпкө унчукпай калышыптыр. Бир убакта, кыз жигитине:

    - Эмнени ойлонуп жатасың? -десе, жигит:
    - Сен ойлоп жатканды. -дейт экен.

    Кыз:- Ай, уятың жок немесиңго! -дептир

  • Эки чукча деңизге барып, морж кармап алат. Моржду башынан сүйрөп алып келе жатышса алдынан бир орус чыгып:
    - Эй, алдыгыны башынан сүйрөбөй куйругунан сүйрөсөңөр женил болот дейт.
    Эки чукча куйругунан сүйрөп көрсө чын эле жеңил болот. Чукчанын бирөөсү экинчисине:
    - Негизи орустар акылдуу болот ээ десе,
    анда экинчиси:
    - Акылдуусу го, акылдуу. Бирок экөөбүз кайра деңизге келип калдык дептир.

  • Аялы күйөөсүн каргап-шилеп жатат:
    - Сен келесоо, дагы 2 жолу келесоосун. Баарын келесоолордой кыласын, сүйлөсөн да келесоолордой сүйлөйсүн, эгер келесоолор конкурсуна катышсан 2-орунду алмаксын.
    күйөөсү:
    -эмнеге?
    аялы:
    - ошо.. сен келесоо болгондугун учун да.

  • Эркек үйүнө келе жатса, кошунасынын аялы отун жарып жатат, күйөөсү жанында аккордеон ойноп отурат.
    Анда эркек:
    - Ай, кошуна, сага эмне болгон? Аялың отун жарып жатса сен аккордеон ойноп отурасың да?
    - Аялым аккордеон ойной албайт да...

  • Асан мн Үсөн мектепте тесттен өтүшөт. Биринчи асан кирет:

    1-суроо,кыргызстандын биринчи президенти -Акаев

    Кыргызстандын желегинин түсү -кызыл

    Тигил машина неге токтоп турат -бензин жок.

    Баракелде, 5 алып чыгат. Үсөн болсо шаша сурап,кыйын эмеспи эмнелерди сурады дейт, Асан болсо,биринчи Акаев анан кыпкызыл кийин болсо бензин жок дейсин деп түшүндүрөт. Үсөн киргенде эле агайы -демек сенин атын Үсөн, десе жок -Акаев дейт. Сен эмне жиндибсиңби десе -кыпкызыл дейт. Бар жогол чыгып кет десе -бензин жок дептир.

  • Бир апенди жолдо кетип жатса бир киши мышыгын жууп жатыптыр. Апенди жууба мышыгын өлүп калат десе укпай жууй берет. Апенди кайра келе жатса жанакы киши ыйлап жатыптыр. Апенди сурайт, эмне болду десе мышыгым өлүп калды дейт, жана айттымго өлүп калат десем укпадын десе, жоок жууганда өлгөн жок сыкканда өлүп калды дейт.

  • Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
    -Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
    -Кандай түш?
    -Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
    Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
    Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
    Күйөөсү жылмайып:
    -Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
    Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
    Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
    Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.

  • Кичинекей жаш бала апасына келип
    - Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
    Анда апасы:
    - Бирөө сени менен уктайт, десе
    - Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
    Анда апасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
    Анда баласы:
    - Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
    Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегиңе жет балам, деген экен.