• Аялы: - Түнү бою көз ирмебей чыктым, сен коңурук тарттың, а ит болсо үрүп чыкты.
    Анда күйөөсү: -Анан эмне ит коңурук тартып, мен үрөйүмбү, дептир. 

  • Баласы атасынан сурайт экен:
    - Ата, АЛКАШ деген эмне?
    Анда атасы:
    - Балам, тээ алыста турган 2 теректи көрдүнбү, ошол 2 терек алкаштарга 4 болуп көрүнөт.
    Баласы:
    - Ата, ал жакта 1 эле терек туратго!

  • Кыргыз тил сабагында эжеке сурап жатат:
    - Мен сулуумун деген кайсыл чак болот? десе
    Окуучулар: - Эжеке ал өткөн чак! деген экен.

  • 2-Дүйөлүк согуш катуу болуп жаткан учурда Орус генералдардын бирөөсү ойлонуп олтуруп акыры ар 1 немистин өлүгүн алып келгенге 10 рубл акча төлөнөт деп жарыя салыптыр…
    Эртеси каттуу салгылашуу болуп, көп адам набыт болуптур, бирок генералга аз эле немистин өлүгүн алып келишиптир.
    Кечке жуук бир вагон немистин өлүгү менен бир еврей келиптир.
    Анда генерал еврейди чекеге тартып:
    - Эми тушун да, согуш убагындабыз мен сага 7,5 рублдан эле төлөйүн десе…
    Еврей: - Жок болбойт мен озум 8,5 алдым деген екен ......

  • Сабак учурунда мугалим сурап жатат:
    Ким бейишке баргысы келет?
    Окуучулар бүт баары кол көтөрүптүр жалгыз бирөөсү көтөрбөптүр
    - Сен не бейишке баргың келбейби?
    - Жок мен сабактан кийин үйгө кетишим керек деген экен 

  • Нарындык адамдын Таластагы кудаларынан бири каза болуп, Таласка барышат. Антип-минтип отуруп кудаларды тамакка чакырат. Колго суу куйула баштайт. Нарындан келген кудалар колго суу куюп жаткан баладан:
    - Я балам, бу силерде «уча» (эн сыйлуу устукан) тартабы? деп сурайт. Бала унчукпайт.
    - Суун абдан жакшы экен, силерде уча тартабы- деп кайра сурайт. Бала эки жагын карап унчукпайт.
    - Ой бала! Бу силерде уча тартабы дейм?!
    - Байке, бизде ОРТ менен КТР эле тартат- деген экен.

  • Аялы:
    - Жаным экөөбүз узак бактылуу жашайбыз ээ? - десе,
    Күйөөсү:
    - Сен узак жашасаң мен бактылуу болбой калам.

  • -Жакшылык болгондо майрамдап ичесиң. Жамандык болгондо унутуш үчүн ичесиң.
    -А эчтеке болбосочу?
    -Эчтеке болбосо… анда… бирдемке болсун деп ичесиң.

  • Калк айтса калп айтпайт
    Элдик байкоодон. Эгерде сууга ыргыткан таштан тегерек толкун тарабаса, демек кыштын келгени ошол.

  • Бир күнү аялы үйүнө келбей калат экен. Эртең менен күйөөсү аялынан
    - Эмне үйгө келбедиң, кайда бардын десе?...
    - Подружкамдыкында жаттым дейт экен. Күйөөсү он подружкасына звонок кылса ону тең жаткан жок деп жооп бериптир...
    Эртеси күйөөсү үйгө келбей калат, эртең менен аялы
    - Кечинде кайда жаттың- десе
    - Досумдукунда деп жоо бериптир.

    Аялы 10 досуна звонок кылып сураса 5оосу меникинде калды десе 5оосу азыр биздин үйдө отурат деп жооп бериптир...